Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 18-февралындагы № 108 „Ишкердик иш-аракетти жүзөгө ашырууда тобокелдик даражасын баалоонун критерийлерин бекитүү жөнүндө“ токтомуна толуктоолорду киргизүү тууралуу» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2012-жылдын 15-июну № 422 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 18-февралындагы № 108 "Ишкердик иш-аракетти жүзөгө ашырууда тобокелдик даражасын баалоонун критерийлерин бекитүү жөнүндө" токтомуна толуктоолорду киргизүү тууралуу Ишкердик субъекттеринин иш-аракеттерине тийиштүү контролду ишке ашыруу жана жер, өрт, архитектуралык мыйзамдар чөйрөсүндө негизсиз текшерүүлөрдү четтетүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 18-февралындагы № 108 "Ишкердик иш-аракетти жүзөгө ашырууда тобокелдик даражасын баалоонун критерийлерин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкү толуктоолор киргизилсин:
Жогоруда аталган токтом менен бекитилген Ишкердик иш-аракетти жүзөгө ашырууда тобокелдик даражасын баалоонун критерийлери төмөнкү редакциядагы 17, 18 жана 19-главалар менен толукталсын: "17-глава Жерди пайдалануу жана коргоо чөйрөсүндө ишкердик иш-аракеттин тобокелдик даражасын баалоонун критерийлери
66. Жерди пайдалануу жана коргоо чөйрөсүндө ишкердик иш-аракеттин тобокелдик даражасын баалоонун критерийлери:
| № | Тобокел- дик даражасы | Тобокелдик фактысы | Күтүлүүчү тобокелдик түрлөрү | Балл |
|---|---|---|---|---|
| 1 ├────────┼───────────────────┼─────────────────────────────┼───────┤ ├────────┼───────────────────┼─────────────────────────────┼───────┤ ├────────┼───────────────────┼─────────────────────────────┼───────┤ ├────────┼───────────────────┼─────────────────────────────┼───────┤ ├────────┼───────────────────┼─────────────────────────────┼───────┤ | Жогорку тобокел- дик даражасы | 1. Магистралдык түтүк өткөргүчтөрү жана газ түтүктөрү жайгашкан жер участоктору 2. Ачык ыкма менен пайдалуу казылмалар кенин (алтын, түстүү металл, туз, көмүр, гипс, мрамор ж.б.) иштетүү боюнча объекттер 3. Курулуш максаттары үчүн чопо-кумду, шагылды, кумду, бут таштарды ж.б. иштетүү боюнча карьердик жумуштар 4. Нефть жана нефть продуктуларынын сактагычтар, май куюучу станциялар жайгашкан жер участоктору 5. Өнөр жай жана өндүрүш объекттери (химиялык заводдор, цемент-шифер заводдору, айнек заводдору, темир-бетон буюмдарын ж.б. чыгаруучу заводдор) жайгашкан жер участоктору 6. Ири жана чакан ГЭСтер, жогорку вольттуу электр берүү линиялары жайгашкан жер участоктору | Калкты азык-түлүк менен камсыздоого коркунуч жана үзгүлтүккө учурашы; - жердин бузулушу; - айыл чарба өндүрүшүнүн жоготуулардын ордун толтурууга төлөбөй коюу Жарандардын, юридикалык жактардын жана мамлекеттин жашоо-турмуш кызыкчылыгына коркунуч келтирүү; - жердин бузулушу; - чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын ордун толтурууга төлөбөй коюу; - рекультивацияны аткарбоо Жердин бузулушу; - кулоонун жана жер көчкүнүн пайда болуу коркунучу; - жердин күрдүү катмарынын бузулушу; - айыл чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын ордун толтуруу үчүн төлөбөй коюу; - жерди максатсыз пайдалануу Адамдардын жана курчап турган чөйрөнүн жашоосу үчүн кооптуулуктун пайда болуу коркунучу; - азык-түлүк коопсуздугун үзгүлтүккө учуратуу коркунучу; - калктын нааразычылыгынын пайда болуу коркунучу Азык-түлүк, эл чарба коопсуздугун үзгүлтүккө учуратуу коркунучу; - адамдардын өмүрү үчүн кооптуулуктун пайда болуу коркунучу; - экологиялык коопсуздуктун пайда болуу коркунучу Азык-түлүк, эл чарба коопсуздугун үзгүлтүккө учуратуу коркунучу; - суу сактагычтардын жана суу бассейндеринин жырылып кетүү коркунучу; - адамдардын өмүрү үчүн кооптуулуктун пайда болуу коркунучу; - жердин бузулушу; - жер көчкүлөрдүн жана жер кулоолордун коркунучунун пайда болушу; - өрт коопсуздугунун пайда болуу коркунучу | 90 80 80 80 80 |
| 2 ├────────┼───────────────────┼─────────────────────────────┼───────┤ ├────────┼───────────────────┼─────────────────────────────┼───────┤ ├────────┼───────────────────┼─────────────────────────────┼───────┤ | Ортоңку тобокел- дик даражасы | 7. Айыл чарба продукцияларын (буудай, арпа, таруу, көп жылдык чөптөр, мөмө-жемиштер ж.б.) өндүрүү боюнча тоо жантаймаларында, рельефтин бөлүк-бөлүктөргө бөлүнгөн жерлеринде, 20 градустан ашык жантайма жерде айыл чарба багытындагы жерлерди пайдалануу чөйрөсүндө иш-аракеттерди жүргүзгөн ишкердик субъекттери 8. Эрозияга жакын кумдуу топурак жантаймаларында жайгашкан жер участокторунда малга жана канаттууларга жем, жем-чөп кошулмаларын алуу үчүн айыл чарба өсүмдүктөрүн өндүрүү 9. Республиканын автомобиль, темир жолдорун жана жол объекттерин куруу жана пайдалануу 10. Мелиорация жана суу чарба объекттерин куруу жана аларды пайдалануу, республиканын суу фондунда турган жерлерди сугаруу, пайдалануу | Жердин сазга айланып кетүү коркунучу, которуштуруп айдоонун жоктугунан жердин түшүмдүүлүгүнүн төмөндөө коркунучу, жерди максатсыз пайдалануу; - жер көчкүлөрдүн жана жер кулоолордун коркунучунун пайда болушу; - азык-түлүк программасын үзгүлтүккө учуратуу коркунучу; - жердин бузулушу; - курчап турган чөйрөгө коркунуч, жердин түшүмдүү катмарын жок кылуу Жердин түшүмдүү катмарын бузуу жана топурактын эрозиясынын пайда болушу; - сазга айлануунун пайда болуу коркунучу; - суу эрозиясынын пайда болуу жана жердин түшүмдүү катмарын жууп кетүү коркунучу; - жер көчкү жүрүү коркунучу Курчап турган чөйрөгө коркунуч; - жер көчкүлөрдүн жана жер кулоолордун коркунучунун пайда болушу; - жердин жана түшүмдүү катмарын бузулушу; - токой жана өсүмдүктөрдү коргоо боюнча кооптуулуктун үзгүлтүккө учурашы жана пайда болушу Жердин бузулушу; - топурактын түшүмдүүлүгүн төмөндөтүүнүн пайда болуу коркунучу; - жер көчкүлөрдүн жана кулоолордун коркунучунун пайда болушу; - сазга айлануунун пайда болуу коркунучу | 50 50 40 40 |
| 3 ├────────┼───────────────────┼─────────────────────────────┼───────┤ ├────────┼───────────────────┼─────────────────────────────┼───────┤ | Төмөнкү тобокел- дик даражасы | 11. Республиканын айыл аймактарында жайыт жерлерди пайдалануу 12. Кыргыз Республикасынын аймагында калктуу конуштардын жана шаарлардын жерлерин пайдалануу 13. Республиканын айыл аймактарында сугарылуучу кайрак жерлерди пайдалануу, ошондой эле көп жылдык өсүмдүктөрдү, мөмө-жемиш көчөттөрүн отургузуу | Жайыттардын начарлашы; - топурактын структурасынын бузулуу коркунучу; - түшүмдүү катмарын жок кылуу; - жердин бузулушу; - рекультивациялык иштердин аткарылбашы; - айыл чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын ордун толтурууга төлөбөй коюу; - токойду, өсүмдүктөрдү, жаныбарлар дүйнөсүн коргоо боюнча коркунучтун пайда болушу Жерди максатсыз пайдалануу; - бекитилген Башкы планга ылайык белгиленген режимди үзгүлтүккө учуратуу жана бузуу; - жерди бир категориядан башкасына трансформациялоосуз пайдалануудан улам азык-түлүк жана экологиялык коопсуздуктун коркунучунун пайда болушу; - жалпы пайдалануудагы (парктар, скверлер, бульвар, тратуарлар жолдордун өтүүчү бөлүгү, ошондой эле социалдык объекттер) жер участокторунун аянттарынын кескин азаюу коркунучунун пайда болушу; - экологиялык жагдайдын төмөндөшүнүн коркунучу Сазга айлануунун пайда болуу коркунучу, камыштын басып кетүүсү; - азык-түлүк жана экологиялык коопсуздукту үзгүлтүккө учуратуу коркунучу; - жерди максатсыз пайдалануу; - жердин начарлашынын пайда болушу; - тик жантаймалардагы, эрозияга дуушар болгон топурактардагы жер участокторун пайдаланган учурда жер көчкү жана жер кулоо коркунучунун пайда болушу | 40 40 40 |
18-глава. Өрт коопсуздугу чөйрөсүндө ишкердик иш-аракеттин тобокелдик даражасын баалоонун критерийлери
67. Өрт коопсуздугу чөйрөсүндө ишкердик иш-аракеттин тобокелдик даражасын баалоо критерийлери:
| № | 1. Функционалдык багыты | Кесепеттердин оордугунун коркунучу (балл) | Статистикага ылайык жыштык (балл) |
|---|---|---|---|
| 1 | Нефть химия, нефтини кайра иштетүүчү ишканалар, нефть базасы, мазут сактагыч | 30 | 10 |
| 2 | Авто май куюу станциялары (турак жай зонасына жакын); авто унаага газ толтуруучу станциялар | 60 | 15 |
| 3 | Авто май куюу станциялары (турак жай зонасынан алыскы) | 10 | 10 |
| 4 | Сырдоочу, малярдык пункттар | 70 | 20 |
| 5 | Кислород баллондорун, газ баллондорун сактоо жана сатуу, газ толтуруучу жана кислород станциялары | 70 | 10 |
| 6 | Эмерек, жыгач иштетүүчү фабрикалар, цехтер, токой кыюу | 70 | 10 |
| 7 | Мектеп, мектепке чейинки окуу мекемелери | 70 | 20 |
| 8 | ЖОЖдор, лицейлер, колледждер, техникумдар, кесиптик-техникалык окуу жайлары (аларга караштуу жатаканалар) | 70 | 10 |
| 9 | Кары-картаңдардын, майыптардын атайын үйлөрү, балдар үйлөрү | 80 | 10 |
| 10 | Стационардык дарылоо менен ооруканалар, төрөт үйлөрү ж.б. | 70 | 10 |
| 11 | Мейманканалар, отелдер, эс алуу үйлөрү, пансионаттар | 80 | 10 |
| 12 | Маданий агартуу мекемелери (китепканалар, музейлер, көргөзмөлөр, кинотеатрлар, театрлар) | 80 | 10 |
| 13 | Соода комплекстери, супермаркеттер, дүкөндөр | 80 | 10 |
| 14 | Коомдук тамактануу ишканалары, кафе, ресторандар, ашканалар ж.б. | 80 | 10 |
| 15 | Өндүрүштүк, өнөр жай имараттары жана курулмалар, кампалар | 40 | 10 |
| 16 | Аэропорттор, автовокзалдар, темир жол вокзалы | 50 | 0 |
| 17 | Коопсуздук жана экономика үчүн стратегиялык багыттагы ишканалар (ЖЭБ, ГЭС, суу топтоо станциялары ж.б.) | 50 | 10 |
| 18 | Маданий, тарыхый, маалыматтык баалуулугу бар имараттар | 50 | 10 |
| 19 | Айыл чарба багытындагы объекттер, фермалар, дан өсүмдүктөрүнүн жана катуу тоюттун талаалары | 40 | 20 |
| 20 | Жаңыдан курулуучу объекттер | 40 | 10 |
| 21 | Автомобилдер үчүн ачык токтотмолор, ТТС | 40 | 10 |
| 22 | Автомобилдер үчүн көп кабаттуу токтотмолор, жер бетиндеги, жер алдындагы | 10 | 10 |
| 23 | Тиричилик жактан тейлөө ишканалары | 0 | 10 |
| 24 | Сауналар, мончолор | 80 | 10 |
| 25 | Рыноктор, базарлар, соода базалары | 70 | 20 |
| 26 | Илимий-изилдөө, долбоордук уюмдардын, мекемелердин башкаруу органдарынын имараттары, административдик имараттар, офистер ж.б. | 0 | 10 |
| 27 | Дене-тарбия жана ден соолукту чыңдоочу комплекстер-стадиондор, спорттук-машыгуу мекемелери: - көрүүчүлөр үчүн трибунасыз - көрүүчүлөр үчүн трибунасы менен - жер төлөө жана цоколдук кабаттарда жайгашкандар | 0 10 35 | 0 0 0 |
| 28 | Түнкү клубдар, диско клубдар | 70 | 20 |
| 29 | Бийик турак үйлөр | 30 | 20 |
19-глава. Куруу коопсуздугу жагында ишкердик иш-аракеттин тобокелдик даражасын баалоонун критерийлери
68. Курулуш коопсуздугу жагында ишкердик иш-аракеттин тобокелдик объекттеринин тизмеси Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 10-февралындагы № 95 "Кыргыз Республикасында курулуш объекттеринин мүнөздөмөлөрүн классификациялоо жана курулуштун объекттерине, кыймылсыз мүлк объекттеринин реконструкциясына жана башка өзгөртүлүштөрүнө мамлекеттик архитектуралык-курулуштук көзөмөл жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому менен белгиленген:
- Кыргыз Республикасынын аймагында курулуп жаткан, курулуштун I-III категориясына кирген курулуш объекттери жогорку тобокелдик даражасына кирет - 90 балл;
- IV категориядагы курулуш объекттери архитектуралык-курулуш көзөмөлүнө жатпайт.".
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министри
Ө.Бабанов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Ɵкмɵтүнүн 2012-жылдын 18-февралындагы №108 "Ишкердик иш-аракетти жүзөгө ашырууда тобокелдик даражасын баалоо критерийлерин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 18.02.2012 · № 108
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 10-февралындагы №95 "Кыргыз Республикасында курулуш объекттеринин мүнөздөмөлөрүн классификациялоо жана курулуштун объекттерине, кыймылсыз мүлк…Постановление · 10.02.2009 · № 95
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.