Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 29-мартындагы № 218 „Кыргыз Республикасынын аймагынан мунайзаттарын чыгарууга убактылуу тыюу салууну киргизүү жөнүндө“ токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 25 марта 2022 года № 166 "О признании утратившими силу некоторых решений Кабинета Министров Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2012-06-15.
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2012-жылдын 15-июну № 420 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 29-мартындагы № 218 "Кыргыз Республикасынын аймагынан мунайзаттарын чыгарууга убактылуу тыюу салууну киргизүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу Мунайзаттарды ата мекендик чыгаруунун жана аны экспорттоонун көлөмүн көбөйтүү максатында, Кыргыз Республикасында чыгарылган мунайзаттарды транзиттик ташууда түзүлгөн кырдаалды көңүлгө алуу менен, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Бажы кодексинин 53-1 жана 363-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 29-мартындагы № 218 "Кыргыз Республикасынын аймагынан мунайзаттарын чыгарууга убактылуу тыюу салууну киргизүү жөнүндө" токтомуна төмөнкү өзгөртүү киргизилсин:
- 2 жана 3-пункттары төмөнкү редакцияда берилсин:
"2. Ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн Кыргыз Республикасында өндүрүлгөн мунайзаттарды ташып чыгаруу темир жол транспорту, ошондой эле автомобиль транспорту менен товарды коштоонун электрондук контролдоо формасын колдонуп (GPS спутниктик навигациялык система), 10 автомашинадан кем эмес колоннада бажылык коштоо менен гана ишке ашырылары белгиленсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы:
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык экспортко багытталган мунайды кайра иштетүүчү заводдордун аймагына бажы постторун орнотсун;
- ушул токтомдун 1 жана 2-пункттарын аткарууну камсыз кылсын.".
2. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр
Ө.Бабанов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө"…Постановление · 25.03.2022 · № 166
- КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 29-мартындагы №218 "Кыргыз Республикасынын аймагынан мунайзаттарын чыгарууга убактылуу тыюу салууну киргизүү жөнүндө" токтомуПостановление · 29.03.2012 · № 218 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө"…Постановление · 25.03.2022 · № 166
- Кыргыз Республикасынын Бажы кодексиКодекс · 12.07.2004 · № 87 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 29-мартындагы №218 "Кыргыз Республикасынын аймагынан мунайзаттарын чыгарууга убактылуу тыюу салууну киргизүү жөнүндө" токтомуПостановление · 29.03.2012 · № 218 · Күчүн жоготкон