# КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 14-июнундагы №414 "«Кыргыз Республикасынын Салык кодексине толуктоо киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 14-июнундагы №414 "«Кыргыз Республикасынын Салык кодексине толуктоо киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 414
- Кабыл алынган күнү: 14.06.2012
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 14.06.2012
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/93316>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-15314/edition/1158563/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/93316.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.06.2012 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 14-июнундагы №414 "«Кыргыз Республикасынын Салык кодексине толуктоо киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору тууралуу" токтому (14.06.2012 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/93316

---

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2012-жылдын 14-июну № 414 «Кыргыз Республикасынын Салык кодексине толуктоо киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору тууралуу Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ.

1. «Кыргыз Республикасынын Салык кодексине толуктоо киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жактырылсын.

2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.

3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен бул мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 80-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык кечиктирилгис катары кезексиз тартипте кароо суралсын.

4. Кыргыз Республикасынын экономика жана монополияга каршы саясат министри жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы ушул мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши караган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлдөрү болуп дайындалышсын.

Премьер-министр

Ө. Бабанов

Долбоор

Кыргыз Республикасынын

Мыйзамы

Кыргыз Республикасынын Салык кодексине толуктоо киргизүү жөнүндө

1-берене. Кыргыз Республикасынын Салык кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомосттору, 2008-ж., № 8, 922-б.) төмөнкү толуктоо киргизилсин:

1. 283-берене төмөнкү мазмундагы 3-бөлүк менен толукталсын:

«3. Ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн субъекттер иштетип берүүчү негизде акциздик товарларды чыгаруу бөлүгүндө акциз салыгын төлөөдөн бошотулган учурда акциз салыгынын салык төлөөчүсү болуп иштетип берүүчү сырьёнун ээси эсептелет.». 2-берене. Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти
