# КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 12-июнундагы № 410 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 12-июнундагы № 410 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 410
- Кабыл алынган күнү: 12.06.2012
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 15.11.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/93313>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-15311/edition/1108184/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/93313.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.11.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 12-июнундагы № 410 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому (15.11.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/93313

---

КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 264 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2012-жылдын 12-июну № 410 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлиги органдарын реформалоого байланыштуу уюштуруу чараларын натыйжалуу ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-февралындагы № 87 "Кыргыз Республикасынын аткаруучу бийлик органдарын реформалоого байланыштуу уюштуруу чаралары жөнүндө" токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:

- 4-пунктунун төртүнчү абзацындагы "2012-жылдын 1-апрелинен баштап" деген цифралар жана сөздөр "2012-жылдын 1-июлунан баштап" деген цифраларга жана сөздөргө алмаштырылсын.

2. (КР Министрлер кабинетинин 2021-жылдын 19-майындагы № 11 токтомуна ылайык пункт күчүн жоготту)

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 22-августундагы № 473 "Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, администрациялык ведомстволорунун жана башка мамлекеттик органдарынын штаттык санынын чеги жөнүндө" токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:

аталган токтомдун 1-тиркемесиндеги "Штаттык бирдиктердин саны (техникалык жана тейлөөчү персоналдан тышкары)" деген графасында:

- 5-пунктундагы "194" жана "134" деген цифралар тиешелүү түрдө "104" жана "44" деген цифраларга алмаштырылсын;

- 33-пунктундагы "476", "105" жана "371" деген цифралар тиешелүү түрдө "566", "119" жана "447" деген цифраларга алмаштырылсын.

4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Премьер-министр

Ө.Бабанов
