Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 18-декабрындагы № 791 «Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин суучулдарды даярдоо борбору жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 10 марта 2026 года № 169 "О некоторых вопросах Центра подготовки водолазов и проведения подводно-технических работ (Водолазной службы) при Министерстве чрезвычайных ситуаций Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2026-03-10.
КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 10-мартындагы № 169 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2012-жылдын 12-июнундагы № 408 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 18-декабрындагы № 791 «Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин суучулдарды даярдоо борбору жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 115 «Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жөнүндө» токтомуна ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 18-декабрындагы № 791 «Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин суучулдарды даярдоо Борбору жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
- аталышында жана бүткүл тексти боюнча түрдүү жөндөмөлөрдөгү «Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин суучулдарды даярдоо жана суу алдындагы техникалык иштерди аткаруу борбору» деген сөздөр тиешелүү жөндөмөлөрдөгү «Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Суучулдарды даярдоо жана суу алдындагы техникалык иштерди аткаруу борбору (Суучулдар кызматы)»деген сөздөргө алмаштырылсын;
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Суучулдарды даярдоо жана суу алдындагы техникалык иштерди аткаруу борбору жөнүндө жободо:
- аталышында жана бүт тексти боюнча түрдүү жөндөмөлөрдөгү «Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Суучулдарды даярдоо жана суу алдындагы техникалык иштерди аткаруу борбору» деген сөздөр тиешелүү жөндөмөлөрдөгү «Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Суучулдарды даярдоо жана суу алдындагы техникалык иштерди аткаруу борбору (Суучулдар кызматы)»деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 4-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«4. Борбордун расмий толук аталышы:
- мамлекеттик тилде: Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Суучулдарды даярдоо жана суу алдындагы техникалык иштерди аткаруу Борбору (Суучулдар кызматы);
- расмий тилде: Центр подготовки водолазов и проведения подводно-технических работ (Водолазная служба) при Министерстве чрезвычайных ситуаций Кыргызской Республики;
Борбордун кыскартылган расмий аталышы:
- мамлекеттик тилде: «КР ӨКМ караштуу Суучулдар кызматы»;
- расмий тилде: «Водолазная служба при МЧС КР».
5-пункту күчүн жоготту деп эсептелсин;
- 10-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«10. Борбордун структурасын жана штаттык расписаниесин Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министри бекитет.»; 13-пунктта: төртүнчү жана бешинчи абзацтары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: «- «сууда куткаруу иши» жана «дайвинг» боюнча адистерди даярдоо;
- Кыргыз Республикасынын суу объектилеринде адам өмүрүн сактоонун эрежелерин ишке ашыруу»;
алтынчы жана сегизинчи абзацтары күчүн жоготту деп эсептелсин; 14-пунктта: үчүнчү абзацтагы «ченемдик укук актыларды» деген сөздөр «рекомендацияларды» деген сөзгө алмаштырылсын; он төртүнчү абзацы күчүн жоготту деп эсептелсин; 16-пунктта: экинчи абзацы «даярдоону» деген сөздөн кийин «(кайра даярдоону)» деген сөздөр менен толукталсын; бешинчи, сегизинчи, он үчүнчү абзацтары күчүн жоготту деп эсептелсин; он экинчи абзацы «сыйлоо» деген сөздөн кийин «жана Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министрине сыйлоо тууралуу сунуш киргизүү» деген сөздөр менен толукталсын; 30-пунктта: экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: «- Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин тиешелүү жылга бекитилген бюджетинин каражатын»; үчүнчү жана жетинчи абзацтары күчүн жоготту деп эсептелсин; төртүнчү абзацтагы «бюджеттен сырткаркы максаттуу фонддун,» деген сөздөр алып салынсын; бешинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: «- акы төлөнүүчү мамлекеттик кызматтарды көрсөтүүдөн түшкөн каражаттардын;». жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин суучулдарды даярдоо жана суу алдындагы техникалык жумуштарды жүргүзүү борборунун бюджеттик булактардан каржылануучу кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө жободо:
- ар түрдүү жөндөмөлөрдөгү «Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин суучулдарды даярдоо жана суу алдындагы техникалык иштерди аткаруу борбору» деген сөздөр тиешелүү жөндөмөлөрдөгү «Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Суучулдарды даярдоо жана суу алдындагы техникалык иштерди аткаруу борбору (Суучулдар кызматы)» деген сөздөргө алмаштырылсын;
преамбуласынын экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: «Бул Жобо Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Суучулдарды даярдоо жана суу алдындагы техникалык иштерди аткаруу борборунун (Суучулдар кызматы) (мындан ары - Борбор) жетекчилерине жана кызматкерлерине, барокамерада, суу алдында иштөөгө тиешелүү уруксаты бар, кызматтык жана башка милдеттерин аткаруу үчүн суу алдына түшүүчү суучулдарга карата колдонулат.»; 3-пункттагы «Кыргыз Республикасынын ченемдик актысынын талаптарын эске алуу менен жана «КРнын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин суучулдарды даярдоо борбору жөнүндө» Жобосунун максаттарына ылайык» деген сөздөр «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын эске алуу менен» деген сөздөргө алмаштырылсын; 11-пункттун экинчи абзацындагы «КРнын ӨКМнин суучулдарды даярдоо жана суу алдындагы техникалык иштерди аткаруу Борборунун» деген сөздөр «Борбордун» деген сөздөргө алмаштырылсын; жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин суучулдарды даярдоо жана суу алдындагы техникалык жумуштарды жүргүзүү борборунун кызматкерлерине эмгек акы төлөө үчүн тарифтик торчонун аталышындагы «Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин» деген сөздөр «Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу (Суучулдар кызматы)» деген сөздөргө алмаштырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Премьер-министр
Ө. Бабанов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 4 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (4)
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 18-декабрындагы №791 токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин суучулдарды даярдоо жана суу алдындагы техникалык…Положение · 18.12.2009 · № 791
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 10-мартындагы № 169 "Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Суучулдарды даярдоо жана суу…Постановление · 10.03.2026 · № 169
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 18-декабрындагы №791 токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин суучулдарды даярдоо жана суу алдындагы техникалык…Положение · 18.12.2009 · № 791 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 18-декабрындагы №791 "Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин суучулдарды даярдоо Борбору жөнүндө" токтомуПостановление · 18.12.2009 · № 791 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 10-мартындагы № 169 "Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Суучулдарды даярдоо жана суу…Постановление · 10.03.2026 · № 169
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 18-декабрындагы №791 "Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин суучулдарды даярдоо Борбору жөнүндө" токтомуПостановление · 18.12.2009 · № 791 · Күчүн жоготкон
- КР Ɵкмɵтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы №115 "Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жөнүндө" токтомуПостановление · 20.02.2012 · № 115 · Күчүн жоготкон