Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «2011-жылдын 10-августундагы № 459 «Райондун мамлекеттик администрация башчысына-акимге квалификациялык талаптар жана аны дайындоо тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 8 сентября 2023 года № 456 "О признании утратившими силу некоторых решений Правительства Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2023-09-08.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 8-сентябрындагы № 456 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2012-жылдын 12-июну № 403 2011-жылдын 10-августундагы № 459 «Райондун мамлекеттик администрация башчысына-акимге квалификациялык талаптар жана аны дайындоо тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 10-августундагы № 459 «Райондун мамлекеттик администрация башчысына-акимге квалификациялык талаптар жана аны дайындоо тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Райондун мамлекеттик администрация башчысына-акимге квалификациялык талаптар жана аны дайындоо тартиби жөнүндө жободо:
1-пункт төмөнкү редакцияда баяндалсын: «1. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри райондук мамлекеттик администрация башчысынын - акимдин бошогон кызмат орду пайда болгон күндөн тартып 30 жумуш күндөн кеч эмес тиешелүү райондук кеңешке талапкерлерди (3төн кем эмес) сунуш кылат.»; 3-пункт төмөнкү редакцияда баяндалсын: «3. Эгерде жогоруда көрсөтүлгөн мөөнөт бүткөнгө чейин райондук кеңеш акимдин кызмат ордуна дайындоо үчүн талапкерди Кыргыз Республикасынын Премьер-министрине сунуш кылбаса, анда Кыргыз Республикасынын Премьер-министри 20 жумуш күндүн ичинде райондук кеңешке жаңы талапкерлерди (3төн кем эмес) сунуш кылат. Эгерде 15 жумуш күндүн ичинде райондук кеңеш акимдин кызмат ордуна дайындоо үчүн талапкерди Кыргыз Республикасынын Премьер-министрине кайрадан сунуш кылбаса, анда Кыргыз Республикасынын Президенти Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин сунушу боюнча райондук кеңешти таркатат жана мөөнөтүнөн мурда шайлоолорду дайындайт. Эгерде ушул Жобонун 1-пунктунда көрсөтүлгөн мөөнөт өткөнгө чейин Кыргыз Республикасынын Премьер-министри райондук кеңешке талапкерлерди (3төн кем эмес) сунуш кылбаса, анда райондук кеңеш 15 жумуш күнүнүн ичинде өз алдынча жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө мыйзамдарда белгиленген талаптарга, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген квалификациялык талаптарга жооп берген талапкерди тандап алат жана аны акимдин кызмат ордуна дайындоо үчүн Кыргыз Республикасынын Премьер-министрине сунуш кылат. Райондук кеңеш тарабынан акимдин бош кызмат ордуна сунуш кылынган талапкер 10 жумуш күнүнүн ичинде Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан милдеттүү түрдө дайындалууга жатат.».
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Премьер-министр
Ө. Бабанов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 8-сентябрындагы № 456 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтомуПостановление · 08.09.2023 · № 456
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 10-августундагы № 459 "Райондун мамлекеттик администрация башчысына - акимге квалификациялык талаптар жана аны дайындоо тартиби…Постановление · 10.08.2011 · № 459 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 8-сентябрындагы № 456 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтомуПостановление · 08.09.2023 · № 456
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 10-августундагы № 459 "Райондун мамлекеттик администрация башчысына - акимге квалификациялык талаптар жана аны дайындоо тартиби…Постановление · 10.08.2011 · № 459 · Күчүн жоготкон
- Жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндөЗакон · 14.07.2011 · № 96 · Күчүн жоготкон