Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн ««Лицензиялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 25 марта 2022 года № 166 "О признании утратившими силу некоторых решений Кабинета Министров Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2012-06-11.
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2012-жылдын 11-июну № 396 «Лицензиялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. «Лицензиялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы (макулдашуу боюнча) бул мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр
Ө. Бабанов
Долбоор
Кыргыз Республикасынын
Мыйзамы
«Лицензиялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду киргизүү тууралуу
1-берене. «Лицензиялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомосттору, 1997-ж., № 3, 126-б.) төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин: 9-берененин 1-бөлүгүндө:
- 13-пункт «кызматтарды көрсөтүү ишинде» деген сөздөрдөн кийин «үчүнчү жактардын төлөмдөрү жана эсептешүүлөрү боюнча финансылык маалыматтарды (банктар аралык процессинг) кабыл алуу, иштеп чыгуу жана аларды төлөм системасынын катышуучуларына берүү боюнча кызмат көрсөтүү иштеринде» деген сөздөр менен толукталсын;
- төмөнкү мазмундагы 37, 38-пункттар менен толукталсын:
«37) финансы-кредиттик мекеме болуп саналбаган уюм тарабынан, үчүнчү жактардын пайдасына төлөмдөрдүн жана эсептешүүлөрдүн кабыл алынышы жана өткөрүлүшү боюнча кызмат көрсөтүү иштерине;
38) финансы-кредиттик мекеме болуп саналбаган уюм тарабынан, үчүнчү жактардын төлөмдөрү жана эсептешүүлөрү боюнча финансылык маалыматтарды (процессинг) кабыл алуу, иштеп чыгуу жана аларды төлөм системасынын катышуучуларына берүү боюнча кызмат көрсөтүү иштерине.».
2-берене. Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн баштап бир ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө"…Постановление · 25.03.2022 · № 166
- Лицензиялоо жөнүндөЗакон · 03.03.1997 · № 12 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон