# КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 11-июнундагы №394 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 4-августундагы № 409 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча мамлекеттик агентствонун Гарантиялык фонду жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 11-июнундагы №394 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 4-августундагы № 409 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча мамлекеттик агентствонун Гарантиялык фонду жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 394
- Кабыл алынган күнү: 11.06.2012
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 18.10.2019
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/93298>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-15296/edition/978096/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/93298.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.10.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 11-июнундагы №394 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 4-августундагы № 409 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча мамлекеттик агентствонун Гарантиялык фонду жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому (18.10.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/93298

---

КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 18-октябрындагы № 556 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2012-жылдын 11-июну № 394 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 4-августундагы № 409 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча мамлекеттик агентствонун Гарантиялык фонду жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 4-августундагы № 409 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча мамлекеттик агентствонун Гарантиялык фонду жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:

- аталышындагы жана бүткүл тексти боюнча түрдүү жөндөмөдөгү «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча мамлекеттик агентство» деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдө «кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган» деген сөздөргө алмаштырылсын;

- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча мамлекеттик агентствонун Гарантиялык (кепилдик) фонду жөнүндө жободо:

аталышында жана бүткүл тексти боюнча түрдүү жөндөмөдөгү «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча мамлекеттик агентство» жана «Кыргыз Республикасынын Мамкаттоосу» деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдө «кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган» деген сөздөргө алмаштырылсын;

1.1-пунктундагы «жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 19-апрелиндеги № 183 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча мамлекеттик агентство жөнүндө жобого» деген сөздөр алып салынсын;

3.1-пунктунун экинчи абзацындагы «каттоо карточкасындагы жана/же» деген сөздөр алып салынсын.

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Премьер-министр

Ө. Бабанов
