Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн ««Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматын өтөөнүн маселелери жөнүндө» токтомуна толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 11-июнундагы № 392» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Правительства КР от 29 декабря 2016 года № 709 "О проекте Закона Кыргызской Республики "О ратификации Протокола о присоединении Республики Армения к Соглашению о единых принципах и правилах обращения лекарственных средств в рамках Евразийского экономического союза от 23 декабря 2014 года, подписанного 2 декабря 2015 года в городе Москва"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2016-12-29.
КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 29-декабрындагы № 706 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2011-жылдын 29-ноябры № 741 «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматын өтөөнүн маселелери жөнүндө» токтомуна толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 11-июнундагы № 392 токтому «Мамлекеттик кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, мамлекеттик администрациялык кызматтын бош орунун ээлөө үчүн конкурс өткөрүүнүн жол-жоболорун өркүндөтүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 29-ноябрындагы № 741 «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматын өтөөнүн маселелери жөнүндө» токтомуна төмөнкү толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин:
- аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматындагы мамлекеттик административдик кызматтын бош орунун ээлөө үчүн конкурс өткөрүү жөнүндө убактылуу жободо:
18-пункт төмөнкү мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын: «Мамлекеттик органдын ведомстволук же аймактык бөлүмдөрүндө аттестациялык-конкурстук комиссия түзүлүшү мүмкүн, анын курамы мамлекеттик кызматкерлерди кызматка дайындоого жана кызматтан бошотууга ыйгарым укуктуу жетекчи тарабынан (мамлекеттик органдын статс-катчысы менен макулдашуу боюнча) бекитилет.»; 19-пунктта: биринчи абзацтагы «борбордук аппаратынын» деген сөздөр алып салынсын; экинчи абзац төмөнкү мазмундагы экинчи сүйлөм менен толукталсын: «Мамлекеттик органдын ведомстволук же аймактык бөлүмдөрүнүн аттестациялык-конкурстук комиссиясынын төрагалыгына мамлекеттик органдын ведомстволук же аймактык бөлүмүнүн жетекчиси тарабынан аныкталган (мамлекеттик органдын статс-катчысы менен макулдашуу боюнча) мамлекеттик кызматкер - комиссиянын мүчөлөрүнүн бири дайындалат;»; онунчу абзац төмөнкү мазмундагы экинчи сүйлөм менен толукталсын: «Комиссиянын жок мүчөлөрүнүн ордуна башкалардын келүүсүнө жол берилбейт.»; 22-пункттун жетинчи абзацы төмөнкү редакцияда баяндалсын: « - конкурстун катышуучуларына тестирлөө жана аңгемелешүү өткөрүү жери, датасы жана убактысы жөнүндө кабарлайт;»; 23-пункттун бешинчи абзацы төмөнкү редакцияда баяндалсын: « - жооптордун варианттарын көрсөтпөстөн предметтик тесттерди өздөрүнүн веб-сайттарына жайгаштырат.»; 31-пункт төмөнкү редакцияда баяндалсын: «31. Аңгемелешүүгө төмөнкүлөр киргизилет:
- мамлекеттик органдын статс-катчысынын кызмат ордуна компьютердик тесттен өтүүдө жана практикалык тапшырмаларды чечүүдө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сунушу боюнча Мамлекеттик кызмат боюнча кеңеш тарабынан белгиленген өтүү маанисинен кем эмес баа алган талапкерлер;
- калган администрациялык мамлекеттик кызмат орундарына компьютердик тесттен өтүүдө (жана практикалык тапшырмаларды чечүүдө) жалпы баллдын суммасынын 50 пайызынан кем эмес деңгээлде белгиленген өтүү маанисинен кем эмес баа алган талапкерлер.»;
32-пункт төмөнкү мазмундагы төртүнчү-алтынчы абзацтар менен толукталсын: «Ачык конкурс өткөрүү учурунда аттестациялык-конкурстук комиссия тарабынан аңгемелешүү видео жазууга түшүрүлөт. Конкурстун катышуучусунун өтүнүчү боюнча үч күндүн ичинде видео жазуунун ага тиешелүү бөлүгүнүн көчүрмөсү же толук жазуу берилет. Аңгемелешүүнүн видео жазуусу мамлекеттик органдын кызматкерлерди башкаруу кызматында бир жыл сакталууга тийиш.»; 33 жана 34-пункттар төмөнкү редакцияда баяндалсын: «33. Аңгемелешүүнү жүргүзүүдө аттестациялык-конкурстук комиссия талапкерлердин аңгемелешүүнүн жүрүшүндөгү кесиптик билимин, жөндөмүн жана көндүмдөрүн текшерүүнүн натыйжаларына таянат, ошол эле учурда талапкерлердин жеке моралдык-адептик, кесиптик сапаттары да эсепке алынат.
34. Аттестациялык-конкурстук комиссиянын чечими анын жыйынга катышып жаткан мүчөлөрүнүн добушунун санынын көпчүлүк жөнөкөй добуш берүүсү аркылуу кабыл алынат.»;
Расмий тилдеги тексттин 35-пунктундагы «балл» деген сөз «добуш» деген сөзгө алмаштырылсын; 36-пункт төмөнкү мазмундагы экинчи сүйлөм менен толукталсын: «Конкурстун жыйынтыгы конкурсанттарга түздөн-түз ал аяктагандан кийин жарыяланат.»; 38-пункт төмөнкү мазмундагы экинчи сүйлөм менен толукталсын: «Мамлекеттик органдын ведомстволук же аймактык бөлүмдөрү тарабынан конкурс өткөрүлгөн учурда протоколдун көчүрмөсү аттестациялык-конкурстук комиссиянын катчысы тарабынан мамлекеттик органдын статс-катчысына үч жумушчу күндөн кечиктирилбестен жиберилет.»; 39-пунктта: экинчи абзац «статс-катчысы (аппарат жетекчиси)» деген сөздөрдөн кийин «үч жумушчу күндүн ичинде» деген сөздөр менен толукталсын. төмөнкү мазмундагы үчүнчү-бешинчи абзацтар менен толукталсын: «Мамлекеттик органдын ведомстволук же аймактык бөлүмдөрү тарабынан конкурс өткөрүлгөн учурда мамлекеттик органдын статс-катчысы (аппарат жетекчиси) протоколдун көчүрмөсүн алгандан кийин үч жумушчу күндөн кечиктирбестен конкурстан ийгиликтүү өткөн адамды дайындоо жөнүндө сунушту төмөнкүлөргө киргизүүгө милдеттүү: мамлекеттик органдын жетекчисине - анын кадрлар номенклатурасына тиешелүү бош кызмат ордуна; мамлекеттик органдын ведомстволук же аймактык бөлүмүнүн жетекчисине - анын кадрлар номенклатурасына тиешелүү бош кызмат ордуна.»; 42-пункт төмөнкү редакцияда баяндалсын: «42. Конкурстун жыйынтыгы боюнча компьютердик тестирлөөдөн (жана практикалык тапшырмаларды чечүүдөн) өтүүдө баллдын жалпы санынан 75 пайызынан кем эмес алган, бирок бош орунга дайындоого сунушталбаган талапкерлер аттестациялык-конкурстук комиссия тарабынан мамлекеттик органдын кадрдык ички резервине киргизүү үчүн сунушталат.».
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр
Ө. Бабанов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматындагы мамлекеттик административдик кызматтын бош орунун ээлөө үчүн конкурс өткөрүү жөнүндө Убактылуу…Положение · 29.11.2011
- КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 29-декабрындагы № 706 "Мамлекеттик жарандык кызматты жана муниципалдык кызматты уюштуруу маселелери жөнүндө" ТОКТОМУПостановление · 29.12.2016 · № 706 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (4)
- КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 29-декабрындагы № 709 ""Москва шаарында 2015-жылдын 2-декабрында кол коюлган 2014-жылдын 23-декабрындагы Евразия экономикалык бирлигинин алкагында дары…Постановление · 29.12.2016 · № 709
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 29-ноябрындагы №741 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматын өтөөнүн маселелери жөнүндө" токтомуПостановление · 29.11.2011 · № 741 · Күчүн жоготкон
- Мамлекеттик кызмат жөнүндөЗакон · 11.08.2004 · № 114 · Күчүн жоготкон
4 ичинен 3 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.