# КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 11-июнундагы №389 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 7-майындагы № 287 «Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Медициналык жардамдын жогорку технологиялуу (кымбат баалуу) түрлөрүнүн фондун түзүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 11-июнундагы №389 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 7-майындагы № 287 «Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Медициналык жардамдын жогорку технологиялуу (кымбат баалуу) түрлөрүнүн фондун түзүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 389
- Кабыл алынган күнү: 11.06.2012
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 11.06.2012
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/93293>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-15291/edition/409862/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/93293.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.06.2012 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 11-июнундагы №389 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 7-майындагы № 287 «Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Медициналык жардамдын жогорку технологиялуу (кымбат баалуу) түрлөрүнүн фондун түзүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому (11.06.2012 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/93293

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2012-жылдын 11-июну № 389 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 7-майындагы № 287 «Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Медициналык жардамдын жогорку технологиялуу (кымбат баалуу) түрлөрүнүн фондун түзүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу Медициналык жардамдын жогорку технологиялуу (кымбат баалуу) түрлөрү боюнча кызматтарды көп каналдуу каржылоо принцибин ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 7-майындагы № 287 «Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Медициналык жардамдын жогорку технологиялуу (кымбат баалуу) түрлөрүнүн фондун түзүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү жана толуктоолор киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Медициналык жардамдын жогорку технологиялуу (кымбат баалуу) түрлөрүнүн фонду жөнүндө жободо:

- 4-пункт төмөнкү мазмундагы төртүнчү абзац менен толукталсын:

« - медициналык жардамдын жогорку технологиялуу же кымбат баалуу түрлөрүн көрсөтүү үчүн, жогорку технологиялуу кымбат баалуу жабдыктарды, медикаменттерди жана медициналык багыттагы буюмдарды сатып алуу»;

- 12-пункттагы «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы саясат жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттик» деген сөздөр «Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте монополияга каршы саясат боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган» деген сөздөргө алмаштырылсын;

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Медициналык жардамдын жогорку технологиялуу (кымбат баалуу) түрлөрүнүн фондунун каражаттарынын эсебинен каржыланган Медициналык жардамдын жогорку технологиялуу (кымбат баалуу) түрлөрүнүн тизмегинде:

- 8-топ төмөнкү мазмундагы 58-1 - 58-4-пункттар менен толукталсын:

«

58-1

9

Остеосинтез көп жолку жана айкалышкан жабыркатууларда

80900

58-2

10

Вертебропластика сколиозду дарылаганда

81000

58-3

11

Муундарды онкоэндопротездөө

81100

58-4

12

Блоктолгон интрамедуллярдык остеосинтез

81200

»;

- төмөнкү мазмундагы 12-14-топтор менен толукталсын:

«

12. Гематология

69

1

Катуу кармаган миелобласттык лейкоз

12010

70

2

Катуу кармаган лимфобласттык лейкоз

12020

71

3

Апластикалык аз кандуулук

12030

72

4

Сөөк чучукту трансплантациялоо

12040

13. Офтальмология

73

1

Экстракапсулярдык экстракция

13010

74

2

Витрэктомия

13020

75

3

Ленсвитрэктомия

13030

76

4

Интраокулярдык линзаларды имплантациялоо (жасалма хрусталик)

13040

77

5

Орбитада реконструктивдик операциялар

13050

78

6

Рефрактердик глаукомада аллодренаждарды имплантациялоо

13060

14. Урология

79

1

Эндоскопиялык нефрэктомия

14010

80

2

Бөйрөктөрдүн лоханкалык-заара түтүгүнүн сегментинин пластикасы

14020

81

3

Эрендик бездин аденомасынын трансуретралдык резекциясы

14030

».

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Премьер-министр

Ө. Бабанов
