# КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 7-июнундагы №379 "«Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 7-июнундагы №379 "«Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 379
- Кабыл алынган күнү: 07.06.2012
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 16.11.2012
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/93283>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-15282/edition/399851/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/93283.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.11.2012 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 7-июнундагы №379 "«Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу" токтому (16.11.2012 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/93283

---

КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 16-ноябрындагы № 775 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2012-жылдын 7-июну №379 «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.

2. Бул мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин кароосуна жиберилсин.

3. Кыргыз Республикасынын юстиция министри ушул мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинде каралган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.

Премьер министр

Ө. Бабанов

Долбоор Кыргыз Республикасынын Мыйзамы

Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө

1 -берене. «Ишкерлердин укуктарын коргоо жөнүндө» Кыргы Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин жарчысы, 2001-ж., №1, 1-б.) төмөнкү өзгөртүү киргизилсин: 22-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: «22-берене. Мамлекеггик органдардын жана алардын кызматкерлери жоопкерчилиги Мамлекеттик органдардын кызматкерлери өздөрүнө жүктөлгөн милдеттерин, ошондой эле ушул Мыйэамдын жана башка ченемдик укуктук актылардын талаптарын аткарбагандыгы же талаптагыдай аткарбагандыгы колдонуудагы мыйзамдарга ылайык тартипке чакыруу, административдик же кылмыш-жаза жоопкерчилигин колдонууга алып келет. Мамлекеттик органдардын же алардын кызматкерлеринин ишкердин укугун бузган мыйзамсыз аракеттеринин, ошондой эле ушундай органдардын, же алардын кызматкерлеринин ишкерге карата Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган милдеттерин тийиштүү түрдө аткарбагандыгынын натыйжасында ишкерге келтирилген зыяндар, алынбай калган пайданы кошкондо. ушул органдар тарабынан төлөнүп берилүүгө тийиш. Мамлекеттик орган ишкердик субъекттерине жазапулдардын жана/же туумдардын мыйзамга ылайыксыз эсептелинген фактылары далилденген учурларда жазапулдарды жана/же туумдарды туура эмес эсептеген өзүнүн кызматкерине карата кызмат ордунан бошотуу түрүндө тартип чарасын колдонууга милдеттүү. Ишкердик субъекттерине жазапулдарды жана/же туумдарды туура эмес эсептөөгө байланыштуу кызмат ордунан бошотулган мамлекеттик органдын кызматкери 3 жылга чейин ишкердик субъекттерин текшерүүгө байланышкан иш жүргүзүүгө укуксуз.». 2- берене. «Мамлекеттик кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин жарчысы, 2004-ж., №12, 529-6.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: 31-берене төмөнкү мазмундагы 2-бөлүк менен толукталсын: «Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызматкери ишкердик субъектине жазапулдардарды жана/же туумдарды мыйзамсыз эсептөө фактысы ырасталган учурда ээлеген кызматынан жумуш берүүчүнүн демилгеси боюнча тартипке чакыруунун башка чараларын алдын-ала көрүүсүз бошотулат.». 3- берене. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти
