# КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 2-июнундагы №373 "«Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүүчү мектептеринде окуучулардын тамактануусун уюштуруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 2-июнундагы №373 "«Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүүчү мектептеринде окуучулардын тамактануусун уюштуруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 373
- Кабыл алынган күнү: 02.06.2012
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 11.10.2012
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/93277>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-15276/edition/450188/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/93277.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.10.2012 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 2-июнундагы №373 "«Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүүчү мектептеринде окуучулардын тамактануусун уюштуруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө" токтому (11.10.2012 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/93277

---

КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 11-октябрындагы № 710 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2012-жылдын 2-июну № 373 «Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүүчү мектептеринде окуучулардын тамактануусун уюштуруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. «Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүүчү мектептеринде окуучулардын тамактануусун уюштуруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жактырылсын.

2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.

3. Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри ушул мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши караган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.

Премьер-министр

Ө. Бабанов

Долбоор

Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүүчү мектептеринде окуучулардын тамактануусун уюштуруу жөнүндөгү» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу

1-берене. «Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүүчү мектептеринде окуучулардын тамактануусун уюштуруу жөнүндөгү» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына («Эркин Тоо» газетасы, 2002-жылдын 3-июлу № 50) төмөнкү толуктоо киргизилсин: Преамбуладагы «мектеп» деген сөздөн кийин «аз камсыз болгон үй-бүлөнүн» деген сөз менен толукталсын. 2-берене. Аталган Мыйзамды аткаруунун негизинде аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн гана балдарына тамактанууну уюштурууда үнөмдөлгөн акча каражаты билим берүү тармагына жумшалсын. 3-берене. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өз чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирилсин. 4-берене. Бул Мыйзам 2012-жылдын 1-сентябрынан тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти
