# КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 2-июнундагы № 367 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-февралындагы № 87 "Кыргыз Республикасынын аткаруучу бийлик органдарын реформалоого байланыштуу уюштуруу чаралары жөнүндө" токтомуна өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 2-июнундагы № 367 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-февралындагы № 87 "Кыргыз Республикасынын аткаруучу бийлик органдарын реформалоого байланыштуу уюштуруу чаралары жөнүндө" токтомуна өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 367
- Кабыл алынган күнү: 02.06.2012
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 02.06.2012
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/93271>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-15270/edition/1158459/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/93271.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 02.06.2012 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 2-июнундагы № 367 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-февралындагы № 87 "Кыргыз Республикасынын аткаруучу бийлик органдарын реформалоого байланыштуу уюштуруу чаралары жөнүндө" токтомуна өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу" токтому (02.06.2012 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/93271

---

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2012-жылдын 2-июну № 367 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-февралындагы № 87 "Кыргыз Республикасынын аткаруучу бийлик органдарын реформалоого байланыштуу уюштуруу чаралары жөнүндө" токтомуна өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын аймагында бирдиктүү мамлекеттик орган тарабынан эпизоотиялык жайлуулукту камсыздоо максатында, ошондой эле "Ветеринария жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-статьясына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-февралындагы № 87 "Кыргыз Республикасынын аткаруучу бийлик органдарын реформалоого байланыштуу уюштуруу чаралары жөнүндө" токтомуна төмөнкү өзгөртүү жана толуктоо киргизилсин:

- 3-пунктунун төртүнчү абзацы төмөнкү редакцияда берилсин:

"өсүмдүктөрдүн карантини чөйрөсүндөгү көзөмөл боюнча функциялар Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин алдындагы Өсүмдүктөрдүн карантини боюнча мамлекеттик кызматтан;";

- 4-пункт төмөнкү мазмундагы тогузунчу абзац менен толукталсын:

"- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Санитариялык, ветеринариялык жана фитосанитариялык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын курамына - Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин Мамлекеттик ветеринария департаменти.".

2. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Санитариялык, ветеринариялык жана фитосанитариялык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция эки жумалык мөөнөттө белгиленген тартипте төмөнкүлөрдү киргизсин:

- Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин Мамлекеттик ветеринария департаментинин активдерин жана пассивдерин белгиленген тартипте кабыл алуу-өткөрүп берүү үчүн жумушчу комиссия түзүү жөнүндө сунуш;

- ченемдик укуктук актыларга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө сунуш;

- өз чечимдерин ушул токтомго ылайык келтиришсин.

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.

4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Премьер-министр

Ө.Бабанов
