# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 2-июнундагы № 361 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 20-апрелиндеги № 177 «Кошумча нарк салыгынын эсептик- фактураларынын так отчеттук бланкаларын колдонуу жана эсепке алуу тартиби жөнүндө жобону жана кыйыр салыктар боюнча салыктык отчеттук формаларын бекитүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 2-июнундагы № 361 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 20-апрелиндеги № 177 «Кошумча нарк салыгынын эсептик- фактураларынын так отчеттук бланкаларын колдонуу жана эсепке алуу тартиби жөнүндө жобону жана кыйыр салыктар боюнча салыктык отчеттук формаларын бекитүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 361
- Кабыл алынган күнү: 02.06.2012
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 08.09.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/93265>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-15264/edition/409848/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/93265.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.09.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 2-июнундагы № 361 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 20-апрелиндеги № 177 «Кошумча нарк салыгынын эсептик- фактураларынын так отчеттук бланкаларын колдонуу жана эсепке алуу тартиби жөнүндө жобону жана кыйыр салыктар боюнча салыктык отчеттук формаларын бекитүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу" токтому (08.09.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/93265

---

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 8-сентябрындагы № 456 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2012-жылдын 2-июну № 361 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 20-апрелиндеги № 177 «Кошумча нарк салыгынын эсептик- фактураларынын так отчеттук бланкаларын колдонуу жана эсепке алуу тартиби жөнүндө жобону жана кыйыр салыктар боюнча салыктык отчеттук формаларын бекитүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 20-апрелиндеги № 177 токтому менен бекитилген Кошумча нарк салыгынын эсептик-фактураларынын так отчеттук бланкаларын колдонуу жана эсепке алуу тартиби жөнүндө жобону жана кыйыр салыктар боюнча салыктык отчеттук формаларды мыйзам актыларына ылайык келтирүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 20-апрелиндеги № 177 «Кошумча нарк салыгынын эсептик-фактураларынын так отчеттук бланкаларын колдонуу жана эсепке алуу тартиби жөнүндө жобону жана кыйыр салыктар боюнча салыктык отчеттук формаларын бекитүү жөнүндө» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:

- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кошумча нарк салыгынын эсептик-фактураларынын так отчеттук бланкаларын колдонуу жана эсепке алуу тартиби жөнүндө жободо:

- 15-пункттун экинчи абзацындагы «нотариалдык күбөлөндүрүлгөн» деген сөздөр алып салынсын;

- 15-пункттун үчүнчү абзацындагы «жана Кыргыз Республикасындагы салык салынуучу субъектинин салыктык каттоосу жүргүзүлгөн аймагында туруктуу катталган» деген сөздөр алып салынсын;

- Кошумча нарк салыгынын эсептик-фактураларынын так отчеттук бланкаларын колдонуу жана эсепке алуу тартиби жөнүндө жобого 1.7-тиркеме (жылуулук энергиясы) бул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып 15 күндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министр

Ө. Бабанов

КНС эсептик-фактураларынын так отчеттук бланкаларын колдонуу жана эсепке алуу тартиби жөнүндө жобого 1.7-тиркеме (жылуулук энергиясы)
