# КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 2-июнундагы №354 "Ош шаарынын жана Ош облусунун Араван районунун тургундарына жер участокторун берүү менен байланышкан маселелерди чечүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 2-июнундагы №354 "Ош шаарынын жана Ош облусунун Араван районунун тургундарына жер участокторун берүү менен байланышкан маселелерди чечүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 354
- Кабыл алынган күнү: 02.06.2012
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 02.06.2012
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/93258>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-15257/edition/409838/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/93258.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 02.06.2012 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 2-июнундагы №354 "Ош шаарынын жана Ош облусунун Араван районунун тургундарына жер участокторун берүү менен байланышкан маселелерди чечүү жөнүндө" токтому (02.06.2012 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/93258

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2012-жылдын 2-июну № 354 Ош шаарынын жана Ош облусунун Араван районунун тургундарына жер участокторун берүү менен байланышкан маселелерди чечүү жөнүндө Ош шаарынын жана Ош облусунун Араван районунун тургундарынын социалдык муктаждыктарын чечүү максатында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 2-мартындагы № 82 «Ош шаарынын жана Ош облусунун Кара-Суу, Араван районунун аймактарында жайгашкан жерлерди «Айыл чарба багытындагы жерлер» жана «Токой фондусунун жерлери» категорияларынан «Калктуу пункттардын жерлери» категориясына которуу жөнүндө» токтомуна ылайык «Калктуу пункттардын жерлери» категориясына которулган (трансформацияланган) жер участокторун бөлүштүрүүдө түзүлгөн жагдайды эске алып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ош шаарынын жана Ош облусунун Араван районунун аймагында жайгашкан, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 2-мартындагы № 82 «Ош шаарынын жана Ош облусунун Кара-Суу, Араван районунун аймактарында жайгашкан жерлерди «Айыл чарба багытындагы жерлер» жана «Токой фондусунун жерлери» категорияларынан «Калктуу пункттардын жерлери» категориясына которуу жөнүндө» токтомуна ылайык «Калктуу пункттардын, жерлери» категориясына которулган (трансформацияланган) «Кең-Сай» турак жай массивинин жер участоктору Ош шаарында жашаган, Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2011-жылдын 5-мартындагы № 158 буйругу менен түзүлгөн ведомстволор аралык комиссия бекиткен жеке турак жай куруу үчүн жер участокторуна муктаж болгондордун тизмесине киргизилген Кыргыз Республикасынын жарандарына берилет деп белгиленсин.

2. Араван районунун жана Ош шаарынын мэриясынын тиешелүү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2011-жылдын 5-мартындагы № 158 буйругу менен түзүлгөн ведомстволор аралык комиссия бекиткен жеке турак жай куруу үчүн жер участокторуна муктаж болгондордун тизмесине киргизилген жарандарга жер участокторун берүү жөнүндө тиешелүү чечимдерди берүүнү камсыз кылуу ушул тизмеге толуктоолорду киргизүү укугусуз сунуш кылынсын.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 2-мартындагы № 82 «Ош шаарынын жана Ош облусунун Кара-Суу, Араван районунун аймактарында жайгашкан жерлерди «Айыл чарба багытындагы жерлер» жана «Токой фондусунун жерлери» категорияларынан «Калктуу пункттардын жерлери» категориясына которуу жөнүндө» токтомуна ылайык «Калктуу пункттардын жерлери» категориясына которулган (трансформацияланган) жерлерден жеке турак жай куруу үчүн жер участогун белгиленген тартипте кайтарымсыз алган Кыргыз Республикасынын жарандары аны ажыратуу боюнча жарандык-укуктук бүтүмдөрдү түзүүгө он жыл бою укуксуз.

4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы ушул токтомдун 3-пунктунда аталган жер участоктору менен ажыратуу боюнча жарандык-укуктук бүтүмдөрдү каттоону жүргүзбөсүн.

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу-инспектордук иштер жана региондук мониторинг бөлүмүнө жана агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.

6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

Премьер-министр

Ө. Бабанов
