# КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 25-декабрындагы № 851 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 25-декабрындагы № 851 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 851
- Кабыл алынган күнү: 25.12.2012
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 15.11.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/93237>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-15252/edition/1108255/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/93237.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.11.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 25-декабрындагы № 851 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому (15.11.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/93237

---

КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 264 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2012-жылдын 25-декабры № 851 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө (КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 14-ноябрындагы № 650 токтомунун редакциясына ылайык) Монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндө милдеттерди натыйжалуу аткарууну камсыздоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 22-августундагы № 473 "Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, администрациялык ведомстволорунун жана башка мамлекеттик органдарынын штаттык санынын чеги жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- аталган токтомдун 1-тиркемесинде:

- "Мамлекеттик органдын аталышы" деген графасынын 6-пунктундагы "жана монополияга каршы саясат" деген сөздөр алынып салынсын;

- "Штаттык бирдиктердин саны (техникалык жана тейлөөчү персоналдан тышкары)" деген графада:

5-пункттагы "104", "44" деген цифралар иретине жараша "100" жана "40" деген цифраларга алмаштырылсын; 6-пункттагы "374", "143" деген цифралар иретине жараша "378" жана "147" деген цифраларга алмаштырылсын.

2. (КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 14-ноябрындагы № 650 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

3. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлиги өз чечимдерин ушул токтомго келтиришсин.

4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Премьер-министр

Ж.Сатыбалдиев
