# КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 25-декабрындагы № 850 "Соттолгон адамдарды өткөрүп берүү жөнүндө Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасынын ортосунда 2012-жылдын 5-июнунда Пекин шаарында кол коюлган келишимди ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 25-декабрындагы № 850 "Соттолгон адамдарды өткөрүп берүү жөнүндө Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасынын ортосунда 2012-жылдын 5-июнунда Пекин шаарында кол коюлган келишимди ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 850
- Кабыл алынган күнү: 25.12.2012
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 22.11.2018
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/93236>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-15251/edition/914331/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/93236.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.11.2018 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 25-декабрындагы № 850 "Соттолгон адамдарды өткөрүп берүү жөнүндө Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасынын ортосунда 2012-жылдын 5-июнунда Пекин шаарында кол коюлган келишимди ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө" токтому (22.11.2018 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/93236

---

КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-ноябрындагы № 550 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2012-жылдын 25-декабры № 850 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 17-ноябрындагы № 733 "Кыргыз Республикасында өзгөчө кырдаалдардын жиктелиши жана аларды баалоонун критерийлерин бекитүү жөнүндө" токтомуна толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу "Жарандык коргонуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 17-ноябрындагы № 733 "Кыргыз Республикасында өзгөчө кырдаалдардын жиктелиши жана аларды баалоонун критерийлерин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөндөгүдөй толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасында өзгөчө кырдаалдардын жиктелиши жана аларды баалоонун критерийлеринин 1-тиркемесинде: мамлекеттик тилдеги текстте графалардын аталышы төмөнкүдөй редакцияда берилсин: "

| Өзгөчө кырдаалдардын булагы | Өзгөчө кырдаалдардын болуусунун мүнөздөмөсү | Баалоо критерийлери |
| --- | --- | --- |

"; "Табигый мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдар" бөлүмүнүн "Өзгөчө кырдаалдардын булагы" графасында:

- "Жер титирөө" деген сапта "таралуучу" деген сөздөн кийин "6 баллга же андан көп" деген сөздөр менен толукталсын;

- "Узакка созулган жамгыр" деген сапта "24" жана "30" деген цифралар тиешелүү түрдө "48" жана "60" деген цифралар менен алмаштырылсын;

- "Кардын оор түшүүсү" деген сапта "200" деген цифралар "20" деген цифралар менен алмаштырылсын;

- "Тайгак" деген сапта "Жамгырдын же тумандын өтө муздаган тамчылары тоңгон учурда жер бетинде жана нерселерде пайда болуучу муздун калың катмары" деген сөздөр "Стандарттуу тайгак станогунун зымындагы катмарлардын диаметри 20 мм жана андан көп" деген сөздөр жана цифралар менен алмаштырылсын;

- "Мөндүр" деген сапта "5" деген цифра "20" деген цифралар менен алмаштырылсын;

- "Катуу жааган мөндүр", "Чагылган", "Кургакчылык" деген саптар күчүн жоготту деп табылсын;

- "Коюу туман" деген сапта "24" деген цифралар "6" деген цифра менен алмаштырылсын;

- "Үшүк" деген сапта "үстүнкү бетинде" деген сөздөр "бети же" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- "Катуу суук" деген сапта "40" деген цифралар "35" деген цифралар менен алмаштырылсын;

- "Кыртыш кургакчылыгы" деген сапта "Жаан-чачындын (жамгырдын) аз жаашынан топурактагы нымдуулуктун азайып, өсүмдүктөрдүн өсүүсүнүн токтошуна же өлүп жок болушуна алып келүүчү абанын жогорку температурасынын узак убакыт бою туруктуу сакталышы 2-декаданын ичинде 0-20 см катмардагы пайдалуу нымдуулук 10 мм же андан аз" деген сөздөр "2-декаданын ичинде 0-20 см катмардагы пайдалуу нымдуулук 10 мм же андан аз" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- "Атмосфералык кургакчылык" деген сапта "көрсөтүлгөн маанилерден төмөн" деген сөздөр "төмөндө көрсөтүлгөн маанилерден" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- "Ысык шамал" деген сапта "Абанын жогорку температурасы жана төмөнкү нымдуулугу, көбүнчө орточо (6-9 м/с) же катуу (10 м/с жана андан көп) ысык шамал менен мүнөздөлүүчү аба-ырайынын түрү. Ысык шамал убагындагы күндүзгү абанын салыштырма нымдуулугу 30%дан азды (бир убакта 10-15%га чейинди жана андан дагы азыраакты), ал эми абанын температурасы 25-30 град. Цельсия жогоруну (кээде 40 град. Цельсия) түзөт" деген сөздөр жана цифралар "30 град. Цельсий же андан жогору температуранын учурунда 5 же андан көп күнгө чейин абанын салыштырма нымдуулугу 30% жана азыраак болуп, шамалдын ылдамдыгынын 5 м/сек. жана андан көп болуп сакталуусу" деген сөздөр жана цифралар менен алмаштырылсын;

"Биологиялык-социалдык мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдар" деген бөлүмдө: "Өзгөчө кырдаалдардын булагы" деген графанын: "Массалык түрдөгү жугуштуу оорулар" деген сабындагы "Массалык түрдөгү жугуштуу оорулар" деген сөздөр "Адамдардын массалык түрдөгү жугуштуу оорулары" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- "Өзгөчө кырдаалдардын булагы" деген графадагы "массалык түрдөгү жугуштуу оорулар" деген сапта:

"өтө" деген сөз "өзгөчө" деген сөз менен алмаштырылсын; жетинчи абзац күчүн жоготту деп табылсын.

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Премьер-министр

Ж.Сатыбалдиев
