# КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 24-декабрындагы №849 "Соттолгон адамдарды өткөрүп берүү жөнүндө Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасынын ортосунда 2012-жылдын 5-июнунда Пекин шаарында кол коюлган келишимди ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 24-декабрындагы №849 "Соттолгон адамдарды өткөрүп берүү жөнүндө Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасынын ортосунда 2012-жылдын 5-июнунда Пекин шаарында кол коюлган келишимди ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 849
- Кабыл алынган күнү: 24.12.2012
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.12.2012
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/93235>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-15250/edition/471949/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/93235.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.12.2012 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 24-декабрындагы №849 "Соттолгон адамдарды өткөрүп берүү жөнүндө Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасынын ортосунда 2012-жылдын 5-июнунда Пекин шаарында кол коюлган келишимди ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө" токтому (24.12.2012 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/93235

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2012-жылдын 24-декабры № 849 "Соттолгон адамдарды өткөрүп берүү жөнүндө Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасынын ортосунда 2012-жылдын 5-июнунда Пекин шаарында кол коюлган келишимди ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө Мамлекет ичиндеги жол-жоболорду аткаруу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык жана "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Төмөнкүлөр жактырылсын:

- "Соттолгон адамдарды өткөрүп берүү жөнүндө Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасынын ортосунда 2012-жылдын 5-июнунда Пекин шаарында кол коюлган келишимди ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору;

- Соттолгон адамдарды өткөрүп берүү жөнүндө Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасынын ортосунда 2012-жылдын 5-июнунда Пекин шаарында кол коюлган келишимге Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу.

2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.

3. Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору (макулдашуу боюнча) ушул мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болууга дайындалсын.

Премьер-министри

Ж.Сатыбалдиев

Долбоор

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ Соттолгон адамдарды өткөрүп берүү жөнүндө Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасынын ортосунда 2012-жылдын 5-июнунда Пекин шаарында кол коюлган келишимди ратификациялоо тууралуу

1-берене.

Соттолгон адамдарды өткөрүп берүү жөнүндө Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасынын ортосунда 2012-жылдын 5-июнунда Пекин шаарында кол коюлган келишим ратификациялансын.

2-берене.

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги ратификациялоо грамоталарын алмашсын.

3-берене.

Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти
