Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Соттолгон адамдарды өткөрүп берүү жөнүндө Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасынын ортосунда 2012-жылдын 5-июнунда Пекин шаарында кол коюлган келишимди ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2012-жылдын 24-декабры № 849 "Соттолгон адамдарды өткөрүп берүү жөнүндө Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасынын ортосунда 2012-жылдын 5-июнунда Пекин шаарында кол коюлган келишимди ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө Мамлекет ичиндеги жол-жоболорду аткаруу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык жана "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкүлөр жактырылсын:
- "Соттолгон адамдарды өткөрүп берүү жөнүндө Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасынын ортосунда 2012-жылдын 5-июнунда Пекин шаарында кол коюлган келишимди ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору;
- Соттолгон адамдарды өткөрүп берүү жөнүндө Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасынын ортосунда 2012-жылдын 5-июнунда Пекин шаарында кол коюлган келишимге Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору (макулдашуу боюнча) ушул мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болууга дайындалсын.
Премьер-министри
Ж.Сатыбалдиев
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ Соттолгон адамдарды өткөрүп берүү жөнүндө Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасынын ортосунда 2012-жылдын 5-июнунда Пекин шаарында кол коюлган келишимди ратификациялоо тууралуу
1-берене.
Соттолгон адамдарды өткөрүп берүү жөнүндө Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасынын ортосунда 2012-жылдын 5-июнунда Пекин шаарында кол коюлган келишим ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги ратификациялоо грамоталарын алмашсын.
3-берене.
Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 3
Цитата келтиргендер (3)
- КР Жогорку Кенешинин 2013-жылдын 28-февралындагы №2827-V "Соттолгон адамдарды өткөрүп берүү жөнүндө Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасынын ортосунда 2012-жылдын…Постановление · 28.02.2013 · № 2827-V
- КР Жогорку Кенешинин 2013-жылдын 28-февралындагы №2828-V "Соттолгон адамдарды өткөрүп берүү жөнүндө Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасынын ортосунда 2012-жылдын…Постановление · 28.02.2013 · № 2828-V
- КР Жогорку Кенешинин 2013-жылдын 28-февралындагы №2829-V "2012-жылдын 5-июнунда Пекин шаарында кол коюлган Соттолгон адамдарды өткөрүп берүү жөнүндө Кыргыз Республикасы менен…Постановление · 28.02.2013 · № 2829-V
Шилтеме берет (2)
- 2012-жылдын 5-июнунда Пекин шаарында кол коюлган Соттолгон адамдарды өткөрүп берүү жөнүндө Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасынын ортосундагы келишимди ратификациялоо…Закон · 14.03.2013 · № 40
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (3)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөЗакон · 20.07.2009 · № 241
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндөЗакон · 25.11.2011 · № 223 · Күчүн жоготкон
- О международных договорах Кыргызской РеспубликиЗакон · 21.07.1999 · № 89 · Күчүн жоготкон