Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 25 марта 2022 года № 166 "О признании утратившими силу некоторых решений Кабинета Министров Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2012-12-24.
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2012-жылдын 24-декабры № 848 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Баңги заттарды контролдоо боюнча мамлекеттик кызматынын төрагасы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши ушул мыйзам долбоорун караган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр
Ж.Сатыбалдиев
Долбоор КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду киргизүү жөнүндө
1-берене.
"Баңги кылуучу каражаттарды, акыл-эске таасир берүүчү заттар жана прекурсорлор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомосттору 1998-ж., № 9, 316-б.) төмөнкү толуктоо киргизилсин: 6-берененин 1-бөлүгү төмөнкү мазмундагы жетинчи абзац менен толукталсын: "- баңги кылуучу каражаттарды, акыл-эске таасир берүүчү заттарды жана прекурсорлорду өндүрүүгө, жасоого, кайра иштетүүгө, сактоого, берүүгө, сатууга, колдонууга, соода кылууга (экспортту жана импортту кошкондо), бөлүштүрүүгө, ташып келүүгө, ташып чыгарууга жана транзитке лицензия берүү.".
2-берене.
"Лицензиялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомосттору 1997-ж., № 3, 126-б.) төмөнкү толуктоо киргизилсин: 9-берененин 1-бөлүгү төмөнкү мазмундагы 37-пункт менен толукталсын: "37) баңги кылуучу каражаттарды, акыл-эске таасир берүүчү заттарды жана прекурсорлорду өндүрүүгө, жасоого, кайра иштетүүгө, сактоого, берүүгө, сатууга, колдонууга, соода кылууга (экспортту жана импортту кошкондо), бөлүштүрүүгө, ташып келүүгө, ташып чыгарууга жана транзитке.".
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 4 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (4)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө"…Постановление · 25.03.2022 · № 166
- КР Жогорку Кеңешинин 2013-жылдын 20-июнундагы № 3235-V "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду киргизүү жөнүндө" ("Баңги кылуучу каражаттар, акыл-эске…Постановление · 13.06.2013 · № 3235-V
- КР Жогорку Кенешинин 2013-жылдын 28-мартындагы №2926-V "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду киргизүү жөнүндө" ("Баңги кылуучу каражаттар, акыл-эске…Постановление · 28.03.2013 · № 2926-V
- КР Жогорку Кенешинин 2013-жылдын 16-майындагы №3080-V "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду киргизүү жөнүндө" ("Баңги кылуучу каражаттар, акыл-эске таасир…Постановление · 16.05.2013 · № 3080-V
Шилтеме берет (4)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө"…Постановление · 25.03.2022 · № 166
- Лицензиялоо жөнүндөЗакон · 03.03.1997 · № 12 · Күчүн жоготкон
- Баңги кылуучу каражаттарды, акыл-эске таасир берүүчү заттар жана прекурсорлор жөнүндөЗакон · 22.05.1998 · № 66 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон