# КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 21-декабрындагы № 845 "Жумуш күндөрүн которуу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 21-декабрындагы № 845 "Жумуш күндөрүн которуу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 845
- Кабыл алынган күнү: 21.12.2012
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 21.12.2012
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/93231>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-15246/edition/407825/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/93231.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 21.12.2012 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 21-декабрындагы № 845 "Жумуш күндөрүн которуу жөнүндө" токтому (21.12.2012 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/93231

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2012-жылдын 21-декабры № 845 Жумуш күндөрүн которуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 113-беренесине ылайык, дем алыш жана жумуш эмес майрам күндөрүн сарамжалдуу пайдалануу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Эки дем алыш күнү бар беш күндүк иш жумасы графиги боюнча иштеген уюмдардын, мекемелердин жана ишканалардын кызматкерлери үчүн 2013-жылдын 2, 3 жана 4-январындагы жумуш күндөрү тиешелүү түрдө 2012-жылдын 29-декабрындагы, 2013-жылдын 12 жана 19-январындагы дем алыш күндөрүнө которулсун.

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Премьер-министри

Ж.Сатыбалдиев
