Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «»Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү Жана толуктоолорду киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2012-жылдын 20-декабры № 844 "Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү Жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жөнөтүлсүн.
3. Кыргыз Республикасынын социалдык өнүгүү министри аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Премьер-министр
Ж. Сатыбалдиев
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ "Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу
1-берене.
"Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин-Тоо" газетасы, 2010-жыл, 12-январь, № 1) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1. 3-берененин алтынчы абзацында, 8-берененин 2-бөлүгүнүн жетинчи абзацында, 16-берененин 1-бөлүгүнүн сегизинчи абзацында жана 18-берененин 2-бөлүгүнүн үчүнчү абзацында "жыйырма үч жашка" деген сөздөр "он сегиз жашка" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2. 3-берененин сегизинчи абзацы жана 9-берененин 1-бөлүгүнүн экинчи абзацы тиешелүү жөндөмөдөгү "пенсия" деген сөздөн кийин "буга ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын, өлчөмү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык дайындалган пенсиянын базалык бөлүгүнөн төмөн болгон пенсиялары кирбейт" деген сөздөр менен толукталсын.
3. 7-берененин 1-бөлүгүнүн үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"- бюджеттик же контракттык негизде күндүзгү формада окуган башталгыч кесиптик окуу жайларынын окуучулары, орто жана жогорку кесиптик окуу жайларынын студенттери, эгерде контракттын суммасы кайрымдуулук уюмдары тарабынан каржыланса, алар он сегиз жашка толгонго чейин.".
4. 10-берененин 1-бөлүгүндө:
1) экинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"- ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдар - он сегиз жашка чейин;";
2) бешинчи абзацтагы "кары" деген сөз "улгайган" деген сөз менен алмаштырылсын.
5. 11-берене төмөнкүдөй редакцияда берилсин;
"11-берене. Ай сайын берилүүчү социалдык жөлөкпулдар
1. Ай сайын берилүүчү социалдык жөлөкпулдар Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бюджеттин мүмкүнчүлүктөрүнө жана экономиканын абалына жараша мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык дайындалуучу пенсиянын өлчөмдөрү менен макулдашылгандыгын эске алуу менен дайындалат.
2. Пенсиялык камсыздандырууга укугу жок улгайган жарандарга ай сайын берилүүчү социалдык жөлөкпулдардын өлчөмү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык дайындалган пенсиянын базалык бөлүгүнүн өлчөмүнөн ашпоосу зарыл.".
6. 12-берененин 2-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"ВИЧ/СПИДге чалдыккан энелерден төрөлгөн балдар үчүн ай сайын берилүүчү социалдык жөлөкпулду белгилөө жөнүндө арыз берүүнүн башка тартиби каралышы мүмкүн.".
7. 13-беренеде:
1) 1-бөлүк "тапшырган" деген сөздөн кийин "айдан кийинки" деген сөздөр менен толукталсын;
2) 3-бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү абзац менен толукталсын:
"Балдары бар аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө ай сайын берилүүчү жөлөкпулдар дайындалган учурда берилген документтердин биринин колдонуу мөөнөтү жөлөкпулду дайындаган учурдан баштап он эки айга чейинки мезгилде аяктаса, анда балдары бар аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө ай сайын берилүүчү жөлөкпул арыз ээси зарыл документтерди жаңылап берүүгө тийиш болгон айдын акыркы күнүнө чейин дайындалат.".
8. 14-беренеде:
1) 1-бөлүктө:
- экинчи, үчүнчү, бешинчи жана алтынчы абзацтардагы "жөлөкпул үчүн кайрылган айдын биринчи күнүнөн тартып" деген сөздөр "жөлөкпул үчүн кайрылган айдан кийинки айдын биринчи күнүнөн тартып" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- төртүнчү абзац күчүн жоготту деп табылсын;
- төмөнкү мазмундагы жетинчи жана сегизинчи абзацтар менен толукталсын:
"- эркектерге - 65 жашка чыккандан тартып, аялдар - 60 жашка чыккандан тартып, эгерде жөлөкпул үчүн кайрылуу жана бардык зарыл документтерди берүү эркек 65 жашка чыккан күнгө чейин кеминде алты айга чейин болсо, ал эми аялдарга - 60 жашка чыккандан тартып, аталган мөөнөттөр аяктаганда - жөлөкпул үчүн кайрылган айдан кийинки айдын биринчи күнүнөн тартып, - өмүр бою;
- баатыр энелерге - 55 жашка чыккандан тартып, эгерде жөлөкпул үчүн кайрылуу жана бардык зарыл документтерди берүү алар 55 жашка чыккан күнгө чейин кеминде алты айга чейин болсо, аталган мөөнөттөр аяктаганда - жөлөкпул үчүн кайрылган айдан кийинки айдын биринчи күнүнөн тартып өмүр - бою.";
2) 3-бөлүктүн экинчи абзацы "тапшырылган" деген сөздөн кийин "айдан кийинки" деген сөздөр менен толукталсын.
9. 17-берененин 2-бөлүгүнүн үчүнчү абзацындагы "карылар" деген сөз "улгайгандар" деген сөз менен алмаштырылсын.
10. 18-берененин 7-бөлүгүндөгү "кары-картаң" деген сөз "улгайган" деген сөз менен алмаштырылсын.
11. 20-берене төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"20-берене. Сөөк коюуга жөлөкпул төлөө
Ай сайын берилүүчү социалдык жөлөкпулду алып жүргөн адам каза болгон учурда сөөк коюуга жөлөкпулдун өлчөмү, аны дайындоо жана төлөө тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.".
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
3-берене.
Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (3)
- КР Жогорку Кеңешинин 2013 жылдын 31 октябрындагы № 3543-V "Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана…Постановление · 31.10.2013 · № 3543-V
- КР Жогорку Кеңешинин 2013-жылдын 13-июнундагы № 3254-V "Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөк пулдар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана…Постановление · 13.06.2013 · № 3254-V
- КР Жогорку Кеңешинин 2013-жылдын 18-декабрындагы № 3702-V "Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду жана…Постановление · 18.12.2013 · № 3702-V
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндөЗакон · 29.12.2009 · № 318 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 3-майындагы № 234 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна Кыргыз…Постановление · 03.05.2013 · № 234 · Күчүн жоготкон