# КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-декабрындагы № 843 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 24-декабрындагы № 751 "Кыргыз Республикасынын пайдалуу казылмалардын запастары боюнча мамлекеттик комиссиясы жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-декабрындагы № 843 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 24-декабрындагы № 751 "Кыргыз Республикасынын пайдалуу казылмалардын запастары боюнча мамлекеттик комиссиясы жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 843
- Кабыл алынган күнү: 20.12.2012
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 30.12.2014
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/93229>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-15244/edition/605209/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/93229.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.12.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-декабрындагы № 843 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 24-декабрындагы № 751 "Кыргыз Республикасынын пайдалуу казылмалардын запастары боюнча мамлекеттик комиссиясы жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому (30.12.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/93229

---

КР Ѳкмѳтγнγн 2014-жылдын 30-декабры № 754 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2012-жылдын 20-декабры № 843 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 24-декабрындагы № 751 "Кыргыз Республикасынын пайдалуу казылмалардын запастары боюнча мамлекеттик комиссиясы жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 24-декабрындагы № 751 "Кыргыз Республикасынын пайдалуу казылмалардын запастары боюнча мамлекеттик комиссиясы жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- токтомдун жана аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын пайдалуу казылмалардын запастары боюнча мамлекеттик комиссиясы жөнүндө жобонун аталышында жана бүткүл тексти боюнча түрдүү жөндөмөдөгү "Кыргыз Республикасынын пайдалуу казылмаларынын запастары боюнча мамлекеттик комиссия" деген сөздөр тийиштүү жөндөмөдө "Кыргыз Республикасынын пайдалуу кендеринин запастары боюнча мамлекеттик комиссия" деген сөздөргө алмаштырылсын;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн аталган токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Пайдалуу казылмалардын запастары боюнча мамлекеттик комиссиясынын курамы ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда берилсин.

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Премьер-министри

Ж. Сатыбалдиев

Тиркеме «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 24-декабрындагы № 751 токтому менен бекитилген

Кыргыз Республикасынын Пайдалуу кендеринин запастары боюнча мамлекеттик комиссиясынын Курамы

(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 5-февралындагы № 74 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ)
