# КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 14-декабрындагы № 834 "Жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндө ченемдик укуктук актыларды бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 14-декабрындагы № 834 "Жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндө ченемдик укуктук актыларды бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 834
- Кабыл алынган күнү: 14.12.2012
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 29.11.2018
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/93222>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-15237/edition/916020/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/93222.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.11.2018 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 14-декабрындагы № 834 "Жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндө ченемдик укуктук актыларды бекитүү жөнүндө" токтому (29.11.2018 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/93222

---

КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 29-ноябрындагы № 561 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2012-жылдын 14-декабры № 834 Жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндө ченемдик укуктук актыларды бекитүү жөнүндө (КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 6-ноябры № 760 токтомдун редакциясына ылайык) Жер казынасын пайдаланууну жөнгө салуу системасын өркүндөтүү, ошондой эле укуктук ченемдик актыларды "Жер казынасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык келтирүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Бекитилсин:

- Жер казынасын пайдаланууну лицензиялоонун тартиби жөнүндө жобо 1-тиркемеге ылайык;

- Жер казынасын пайдалануу укугуна конкурс өткөрүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө жобо 2-тиркемеге ылайык;

- Жер казынасын пайдалануу укугуна аукцион өткөрүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө жобо 3-тиркемеге ылайык;

(Бешинчи абзац КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 6-ноябры № 760 токтому менен кγчγн жоготту)

2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 4-апрелиндеги № 228 "Жер казынасын пайдаланууну лицензиялоо жана жөнгө салуу тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 8-июнундагы № 425 "Жер казынасын пайдаланууну лицензиялоо жана жөнгө салуу тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 4-апрелиндеги № 228 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому.

3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып 15 күндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри

Ж. Сатыбалдиев
