Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 18-февралындагы № 108 „Ишкердик иш-аракетти жүзөгө ашырууда тобокелдик даражасын баалоо критерийлерин бекитүү жөнүндө“ токтомуна толуктоо киргизүү тууралуу» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2012-жылдын 12-декабры № 829 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 18-февралындагы № 108 "Ишкердик иш-аракетти жүзөгө ашырууда тобокелдик даражасын баалоо критерийлерин бекитүү жөнүндө" токтомуна толуктоо киргизүү тууралуу "Ченөө бирдейлигин камсыз кылуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, ишкердик субъекттеринин ишин негизсиз текшерүүлөрдү четтетүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 18-февралындагы № 108 "Ишкердик иш-аракетти жүзөгө ашырууда тобокелдик даражасын баалоо критерийлерин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөндөгүдөй толуктоо киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Ишкердик иш-аракетти жүзөгө ашырууда тобокелдиктин даражасын баалоо критерийлери ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакциядагы 20-глава менен толукталсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр
Ж. Сатыбалдиев
Тиркеме
"20-глава
Метрология жаатындагы ишкердик иштин тобокелдик даражасын баалоонун критерийлери
69. Мамлекеттик метрологиялык көзөмөл жаатындагы тобокелдиктин критерийлери жогорку, ортоңку жана төмөнкү болуп бөлүнөт.
Мамлекеттик метрологиялык көзөмөл жаатындагы ишти жүзөгө ашыруудагы тобокелдиктин даражасы ченөөнүн ишенимсиз натыйжаларынан улам Кыргыз Республикасынын жарандарына жана экономикасына зыян келтирүүсүнүн ыктымалдуулугуна жараша аныкталат.
70. Тобокелдиктин жогорку даражасына натыйжалары төмөнкүлөрдө пайдаланылган, ченөөлөр менен байланышкан иш түрлөрү кирет:
- жеке адамдардын өмүрүн жана ден-соолугун коргоону камсыз кылуу боюнча иштерде;
- эмгек коопсуздугун жана транспорт кыймылын камсыз кылуу боюнча иштерде;
- айлана-чөйрөнүн абалын көзөмөлдөөдө;
- мамлекеттик эсепке алуу операцияларында;
- сатып алуучу (керектөөчү) менен сатуучунун (жөнөтүүчүнүн, өндүрүүчүнүн, аткаруучунун) ортосундагы соода-коммерциялык операцияларда;
- турмуш тиричилик жана коммуналдык тейлөө чөйрөлөрүндөгү жумуштарда.
Тобокелдиктин ортоңку даражасына натыйжалары төмөнкүлөрдө пайдаланылган ченөөлөр менен байланышкан иш түрлөрү кирет:
- геодезияда, геологияда жана гидрометерологияда ишти жүзөгө ашырууда;
- курал-жарак, аскердик жана атайын техникалар, атайын продукциялардын башка түрлөрү өндүрүшүндө;
- энергетикалык ресурстардын бардык түрлөрүн казып алууда, өндүрүүдө, кайра иштетүүдө, транспорттоодо, сактоодо жана керектөөдө;
- ченөө каражаттарын сыноолордо, метрологиялык аттестациялоодо, текшерүүдө, калибровкалоодо;
- техникалык жөнгө салуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык баалоо боюнча ишти жүзөгө ашырууда;
- мамлекеттик органдардын, соттун жана укук коргоо органдарынын тапшыруусу боюнча аткарылуучу иштерде.
Тобокелдиктин төмөнкү даражасына натыйжалары төмөнкүлөрдө пайдаланылган ченөөлөр менен байланышкан иш түрлөрү кирет:
- илимий изилдөө иштерин жүргүзүүдө;
- улуттук жана эл аралык спорттук рекорддорду каттоодо.
71. Ишкердик субъекттерин баштапкы баалоодо, Кыргыз Республиканын Экономика министрлигине караштуу Метрологиялык көзөмөл боюнча мамлекеттик инспекциянын маалымат базасында метрология жаатында мыйзам бузуулары болбогон учурларда субъект тобокелдиктин төмөнкү даражасына өтөт.
72. Субъекттердин тобокелдик даражасын аныктоо:
| Тобокел- дик фактор- лору | к/н № | Тобокелдик критерийлери | Баллдар |
|---|---|---|---|
| Уюшту- руучулук ├───┼──────────────────────────────────────────────┼─────────┤ ├───┼──────────────────────────────────────────────┼─────────┤ ├───┼──────────────────────────────────────────────┼─────────┤ ├───┼──────────────────────────────────────────────┼─────────┤ ├───┼──────────────────────────────────────────────┼─────────┤ ├───┼──────────────────────────────────────────────┼─────────┤ | 1 2 3 4 5 6 7 | Метрологиялык кызматтын жана колдонулган ченөө каражаттарынын абалы үчүн жооптуу адамдын жоктугу Ченөөлөрдүн бирдейлигин камсыз кылуу боюнча ченемдик документтердин жоктугу Текшерүү иштерин жүргүзүү үчүн жабдылган жайдын жоктугу Менчик укугунда же мүлктү жалдоодо санитардык ченемдерге жана эрежелерге, эмгек коопсуздугунун жана курчап турган чөйрөнү коргоо талаптарына жооп берген ченөө каражаттарын өндүрүү (оңдоо, анын ичинде кабыл алуу жана сактоо үчүн) үчүн жайдын жоктугу Чыгарылган ченөө каражаттарын (өндүрүш үчүн) чыгарууда жана сыноодо таасир берүүчү чоңдуктарга толук көлөмдө контролдукту камсыз кылуучу метрологиялык аттестацияланган же белгиленген тартипте текшерилген керектүү технологиялык, ченөө жана сыноо жабдууларынын жана оңдоо иштеринин сапатына контролдуктун (оңдоо үчүн) жана аларды эксплуатациялоо боюнча жетекчиликтин жоктугу Ченөө каражаттарын чыгаруунун жана сыноонун (өндүрүш үчүн) сапатын ички контролдоонун документтештирилген системасынын жоктугу Ченөө каражаттарын текшерүүнүн жана аны аткарылышын контролдоонун мезгилдүүлүгү көрсөтүлгөн бекитилген графиктин жоктугу | 20 5 20 5 5 5 10 |
| Ченөө каражат- тарынын ├───┼──────────────────────────────────────────────┼─────────┤ абалы ├───┼──────────────────────────────────────────────┼─────────┤ ├───┼──────────────────────────────────────────────┼─────────┤ ├───┼──────────────────────────────────────────────┼─────────┤ ├───┼──────────────────────────────────────────────┼─────────┤ ├───┼──────────────────────────────────────────────┼─────────┤ ├───┼──────────────────────────────────────────────┼─────────┤ ├───┼──────────────────────────────────────────────┼─────────┤ ├───┼──────────────────────────────────────────────┼─────────┤ | 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 | Белгиленген тартипте типти бекитүүдөн өтпөгөн ченөө каражаттарын колдонуу Белгиленген тартипте мамлекеттик текшерүүдөн өтпөгөн жана (же) бузук ченөө каражаттарынын чоңдуктар бирдиктеринин эталондорун колдонуу Типти бекитүү максаты үчүн сыноодон же метрологиялык аттестациядан өтпөгөн ченөө каражаттарын, чоңдуктар бирдигинин эталондорун ташып келүү, чыгаруу, сатуу жана жарнамалоо Мамлекеттик метрологиялык контролдоого алынуучу жана метрологиялык аттестациядан өтпөгөн ченөөлөрдү аткаруунун ыкмаларын колдонуу Ченөө каражаттарын чыгаруу жана оңдоо укугуна уруксат берүүчү документтерди алууга (кайра каттоо) байланышкан шарттарды сактабоо Ченөө каражаттарын чыгарууда ченемдик, ошондой эле белгиленген тартипте бекитилген жана макулдашылган техникалык документтердин (техникалык тапшырмалардын, техникалык шарттардын, конструктордук-технологиялык документтердин) жоктугу Пайдаланылган эталондорго жана ченөө каражаттарына байкоо жүргүзүүнүн жоктугу Ченөө каражаттарын, анын ичинде тийиштүү уруксаты жок аттестацияланган заттардын аралашмаларын, заттардын жана материалдардын курамынын жана касиеттеринин стандарттык үлгүлөрүн колдонуу жана оңдоо Стандарттык үлгүлөрдүн метрологиялык аттестациясын аткарган кызматкерге карата кызматтык нускамада квалификациялык талаптардын жоктугу Техникалык документтердин талаптарына ченөө каражаттарын эксплуатациялоо шарттарынын ылайыксыздыгы | 10 50 80 5 5 5 20 10 5 10 |
| Соода опера- циясында ├───┼──────────────────────────────────────────────┼─────────┤ ├───┼──────────────────────────────────────────────┼─────────┤ ├───┼──────────────────────────────────────────────┼─────────┤ | 18 19 20 21 | Соода операцияларында берилүүчү товарлардын санын мүнөздөөчү массага, көлөмгө, чыгымдарга же башка чоңдуктарга ылайык келбеген продукцияны сатуу Таңгакта белгиленген чоңдукка товардын таңгагында шайкеш келбеген сандагы продукцияны сатуу Жарлыктарда (этикеткаларды) же таңгактарда товардын номиналдуу саны, чарба субъектинде (даярдоочуда, фасовкалоочуда) жол берилген четтөөлөрдүн чеги жөнүндө маалыматтардын жоктугу Керектүү ченөө каражаттарынын жоктугу (толук эмес жабдылышы) | 50 80 10 20 |
73. Тобокелдин бирдей деңгээли ичинде текшерилүүчү субъекттерди тандап алуу төмөндөгү критерийлер боюнча ишке ашырылат:
- пайдаланылган ченөө каражаттарынын санынын эң көптүгү;
- метрология жаатындагы табылган укук бузуулар жөнүндө контролдоочу мамлекеттик органдардын кайрылуулары, керектөөчүлөр тарабынан дооматтар боюнча укук бузуу фактыларынын ырасталышы;
- текшерилбеген эң чоң мезгил.
74. Текшерилүүчү ишкердик субъекттерине тиешелүү эмес тобокелдиктин критерийлери боюнча баллдар чегерилбейт (нөлгө барабар).
Мамлекеттик көзөмөл боюнча мамлекеттик инспекторлордун пландуу текшерүүлөрдү жүргүзүүсү үчүн текшерилүүчү субъекттердин тобокелдик даражасын баалоонун критерийлерин аныктоо жана тобокелдик даражасы боюнча бөлүштүрүү жыл сайын жүргүзүлөт.".
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси - министри
Н.Момуналиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Ɵкмɵтүнүн 2012-жылдын 18-февралындагы №108 "Ишкердик иш-аракетти жүзөгө ашырууда тобокелдик даражасын баалоо критерийлерин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 18.02.2012 · № 108
- Ченөө бирдейлигин камсыз кылуу жөнүндөЗакон · 10.08.2007 · № 149 · Күчүн жоготкон