# КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 12-декабрындагы № 828 ""Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин Аскердик спорт клубу" мамлекеттик мекемесин түзүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 12-декабрындагы № 828 ""Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин Аскердик спорт клубу" мамлекеттик мекемесин түзүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 828
- Кабыл алынган күнү: 12.12.2012
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 08.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/93216>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/93216/edition/1262139/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/93216.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 12-декабрындагы № 828 ""Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин Аскердик спорт клубу" мамлекеттик мекемесин түзүү жөнүндө" токтому (08.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/93216

---

КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 8-июлундагы № 467 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2012-жылдын 12-декабры № 828 "Коргоо министрлигинин Аскердик спорт клубу" мамлекеттик мекемесин түзүү жөнүндө (КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 27-апрелиндеги № 217, КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 10-февралындагы № 68 токтомдорунун редакциясына ылайык)

Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө дене тарбия жана күжүрмөн даярдыкты өркүндөтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 25-беренесинин 5-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. "Коргоо министрлигинин Аскердик спорт клубу" мамлекеттик мекемеси түзүлсүн (мындан ары - Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин Аскердик спорт клубу).

(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 10-февралындагы № 68 токтомунун редакциясына ылайык)

2. Коргоо министрлигинин Аскердик спорт клубу жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.

(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 10-февралындагы № 68 токтомунун редакциясына ылайык)

3. (КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 10-февралындагы № 68 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

| Кыргыз Республикасынын Премьер-министри | Ж. Сатыбалдиев |
