# КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 11-декабрындагы № 823 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 13-июлундагы № 492 "Дары-дармек каражаттарын борбордоштурулган сатып алууларды уюштуруу жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 11-декабрындагы № 823 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 13-июлундагы № 492 "Дары-дармек каражаттарын борбордоштурулган сатып алууларды уюштуруу жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 823
- Кабыл алынган күнү: 11.12.2012
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 16.08.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/93211>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-15226/edition/735129/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/93211.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.08.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 11-декабрындагы № 823 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 13-июлундагы № 492 "Дары-дармек каражаттарын борбордоштурулган сатып алууларды уюштуруу жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому (16.08.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/93211

---

КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 16-августундагы № 445 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2012-жылдын 11-декабры № 823 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 13-июлундагы № 492 "Дары-дармек каражаттарын борбордоштурулган сатып алууларды уюштуруу жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 13-июлундагы № 492 "Дары-дармек каражаттарын борбордоштурулган сатып алууларды уюштуруу жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- 3-пунктта:

биринчи абзацтагы "2012-жылдын 1-октябрына чейин" деген сөздөр жана сандар алып салынсын; экинчи абзац төмөнкү редакцияда баяндалсын: "- 2013-жылдын 1-апрелине чейинки мөөнөттө Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо уюмдарын дары-дармек каражаттары жана медициналык багыттагы буюмдар менен борбордоштурулган камсыз кылуу жөнүндө жобону иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизсин;";

- 4-пункт төмөнкү редакцияда баяндалсын:

"4. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду менен бирдикте 2013-жылдын 1-январына чейин республиканын региондору боюнча саламаттык сактоо уюмдарына карата дары-дармек каражаттарына керектөөлөрүн аныктасын.".

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри

Ж. Сатыбалдиев
