# КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-декабрындагы № 816 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 3-июнундагы № 285 "Кыргыз Республикасынын Стратегиялык изилдөөлөр улуттук институтунун маселелери жөнүндө" токтомуна толуктоо жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-декабрындагы № 816 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 3-июнундагы № 285 "Кыргыз Республикасынын Стратегиялык изилдөөлөр улуттук институтунун маселелери жөнүндө" токтомуна толуктоо жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 816
- Кабыл алынган күнү: 10.12.2012
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 29.08.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/93205>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-15220/edition/1184959/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/93205.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.08.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-декабрындагы № 816 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 3-июнундагы № 285 "Кыргыз Республикасынын Стратегиялык изилдөөлөр улуттук институтунун маселелери жөнүндө" токтомуна толуктоо жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому (29.08.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/93205

---

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 29-августундагы № 474 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2012-жылдын 10-декабры № 816 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 3-июнундагы № 285 "Кыргыз Республикасынын Стратегиялык изилдөөлөр улуттук институтунун маселелери жөнүндө" токтомуна толуктоо жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 3-июнундагы № 285 "Кыргыз Республикасынын Стратегиялык изилдөөлөр улуттук институтунун маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкү толуктоо жана өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Стратегиялык изилдөөлөр улуттук институтунун Уставында:

- 12-пункту төмөнкү мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:

"Директордун орун басарлары Институттун директорунун сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан кызматка дайындалышат жана кызматтан бошотулат";

- 13-пунктундагы "Директордун орун басарлары жана Институттун кызматкерлери" деген сөздөр "Институттун кызматкерлери" деген сөздөргө алмаштырылсын;

- 15-пункттун бешинчи абзацындагы "Институттун директорунун орун басарларын жана" деген сөздөр алып салынсын.

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри

Ж. Сатыбалдиев
