# КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-декабрындыгы № 814 "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын маселелери жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-декабрындыгы № 814 "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын маселелери жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 814
- Кабыл алынган күнү: 10.12.2012
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 19.01.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/93203>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-15218/edition/1040418/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/93203.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 19.01.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-декабрындыгы № 814 "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын маселелери жөнүндө" токтому (19.01.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/93203

---

КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 19-сентябрындагы № 8 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2012-жылдын 10-декабры № 814 Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын маселелери жөнүндө (КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 19-декабрындагы № 684, 2014-жылдын 20-ноябры № 659, 2016-жылдын 8-ноябрындагы № 575 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасын кайтарууну жана коргоону мындан ары жакшыртуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Төмөнкүлөр бекитилсин:

- Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматы жөнүндө жобо 1-тиркемеге ылайык;

- Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын башкаруу схемасы 2-тиркемеге ылайык.

2. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын чектүү штаттык саны 6923 бирдик, анын ичинде аскер кызматкерлери - 6254 бирдик, жарандык кызматкерлер - 669 бирдик санында белгиленсин.

(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 19-декабрындагы № 684, 2016-жылдын 8-ноябрындагы № 575 токтомдорунун редакциясына ылайык)

3. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын аскер кызматчыларына (мөөнөттүү кызмат өтөгөн аскер кызматчыларынан тышкары) пенсия дайындоо жана кызмат өтөгөн жылдары үчүн пайыздык үстөк эсептөө үчүн төмөнкүлөр белгиленсин:

- бир ай аскердик кызмат өтөгөн мөөнөтү бир жарым айга эсептелет;

- деңиз деңгээлинен 1800 метр бийиктикте жайгашкан аскер бөлүктөрүндө жана бөлүкчөлөрүндө, ошондой эле Баткен облусунда туруктуу жайгашкан аскер бөлүктөрүндө, бөлүкчөлөрүндө жана мекемелерде кызмат өтөгөндөрдүн бир айлык кызматы эки айга эсептелет.

4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Премьер-министри

Ж. Сатыбалдиев

2-тиркеме

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын башкаруу схемасы

(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 20-ноябры № 659 токтомунун редакциясына ылайык)

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси - министри

Н.Момуналиев
