# КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 4-декабрындагы № 812 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 4-декабрындагы № 812 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 812
- Кабыл алынган күнү: 04.12.2012
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 10.03.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/93201>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-15216/edition/1087937/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/93201.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.03.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 4-декабрындагы № 812 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому (10.03.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/93201

---

КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 1-апрелиндеги № 128 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2012-жылдын 4-декабры № 812 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 17-майындагы № 271, 2013-жылдын 10-июнундагы № 341, 2021-жылдын 10-мартындагы № 85 токтомдорунун редакцияларына ылайык) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2012-жылдын 5-сентябрындагы № 2265-V "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмү жөнүндө" токтомуна ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. (КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 10-июнундагы № 341 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

2. (КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 10-мартындагы № 85 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

3. (КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 17-майындагы № 271 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 28-майындагы № 337 "Кыргыз Республикасынын Экономика жана монополияга каршы саясат министрлигинин алдындагы Банкрот иштери боюнча департамент жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

аталышында жана 1 жана 2-пункттарында түрдүү жөндөмөдөгү "Экономика жана монополияга каршы саясат министрлиги" деген сөздөр тийиштүү жөндөмөдө "Экономика министрлиги" деген сөздөргө алмаштырылсын;

- аталган токтомдун тиркемесинде:

аталышында жана бүткүл текст боюнча түрдүү жөндөмөдөгү "Экономика жана монополияга каршы саясат министрлиги" деген сөздөр тийиштүү жөндөмөдө "Экономика министрлиги" деген сөздөргө алмаштырылсын; 3-пункттун үчүнчү абзацындагы "Кыргыз Республикасынын Экономика жана монополияга каршы саясат министрлигине" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине" деген сөздөргө алмаштырылсын; 9-пункттагы, 11-пункттун үчүнчү абзацындагы жана 12-пункттун биринчи абзацындагы "жана монополияга каршы саясат" деген сөздөр алып салынсын.

5. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.

6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри

Ж. Сатыбалдиев
