# 7-статья. Коркунучтуу өндүрүш объекттеринин өнөр жай коопсуздугу жаатындагы жергиликтүү мамлекеттик администрациянын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктары

- Документ: [Коркунучтуу өндүрүш объекттеринин өнөр жай коопсуздугу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/932)
- Документтеги орду: I Бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2001-жылдын 19-ноябрындагы № 93 "Коркунучтуу өндүрүш объекттеринин өнөр жай коопсуздугу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 93
- Кабыл алынган күнү: 19.11.2001
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 16.11.2013
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 16 ноября 2013 года № 202 "Технический регламент "О промышленной безопасности"](https://aqlex.ai/kg/doc/205069)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/932/st-7>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-887/edition/477546/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/932/st-7.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.11.2013 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Коркунучтуу өндүрүш объекттеринин өнөр жай коопсуздугу жөнүндө, 7-статья (16.11.2013 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/932/st-7

---

Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары:

- коркунучтуу өндүрүш объекттерин жаңыдан куруу, иштеп жаткандарын реконструкциялоо жөнүндө чечимдин кабыл алынышына катышышат;

- Кыргыз Республикасынын жер жөнүндөгү мыйзамдарына ылайык, коркунучтуу өндүрүш объекттерин курууга же коркунучтуу өндүрүш объекттеринин калдыктарын сактоого, жок кылууга жер участокторун бөлүп берет;

- коркунучтуу өндүрүш объекттерин иштеткен учурда жаратылыш чөйрөсүн өнүктүрүү, пайдалануу жана сактап калуу боюнча аймактык программаларды иштеп чыгууга жана ишке ашырууга катышышат;

- мамлекеттик аткаруу бийлигинин тийиштүү органдарынын аймактык экологиялык кызматтары менен бирдикте коркунучтуу өндүрүш объекттеринин өнөр жай коопсуздугунун долбоорун экологиялык экспертизалоого катышышат;

- калктын жашоосуна жана ден соолугуна коркунуч келтирген же айлана-чөйрөгө, чарбалык субъекттерге зыян келтирген учурларда коркунучтуу өндүрүш объекттерин пайдаланууга тыюу салуу же чектөө коюу боюнча тийиштүү мамлекеттик аткаруу бийлигинин органдарына сунуш киргизет.

---

Мурунку берене: [6-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/932/st-6)  
Кийинки берене: [8-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/932/st-8)
