7-статья. Коркунучтуу өндүрүш объекттеринин өнөр жай коопсуздугу жаатындагы жергиликтүү мамлекеттик администрациянын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктары
Күчүн жоготкон · 16.11.2013 редакциясы · I Бөлүм
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 16 ноября 2013 года № 202.
Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары:
- коркунучтуу өндүрүш объекттерин жаңыдан куруу, иштеп жаткандарын реконструкциялоо жөнүндө чечимдин кабыл алынышына катышышат;
- Кыргыз Республикасынын жер жөнүндөгү мыйзамдарына ылайык, коркунучтуу өндүрүш объекттерин курууга же коркунучтуу өндүрүш объекттеринин калдыктарын сактоого, жок кылууга жер участокторун бөлүп берет;
- коркунучтуу өндүрүш объекттерин иштеткен учурда жаратылыш чөйрөсүн өнүктүрүү, пайдалануу жана сактап калуу боюнча аймактык программаларды иштеп чыгууга жана ишке ашырууга катышышат;
- мамлекеттик аткаруу бийлигинин тийиштүү органдарынын аймактык экологиялык кызматтары менен бирдикте коркунучтуу өндүрүш объекттеринин өнөр жай коопсуздугунун долбоорун экологиялык экспертизалоого катышышат;
- калктын жашоосуна жана ден соолугуна коркунуч келтирген же айлана-чөйрөгө, чарбалык субъекттерге зыян келтирген учурларда коркунучтуу өндүрүш объекттерин пайдаланууга тыюу салуу же чектөө коюу боюнча тийиштүү мамлекеттик аткаруу бийлигинин органдарына сунуш киргизет.
Берененин тексти 16.11.2013 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
7-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/932/st-7" title="7-статья - Коркунучтуу өндүрүш объекттеринин өнөр жай коопсуздугу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>