3-статья. Коркунучтуу өндүрүш объекттери
Күчүн жоготкон · 16.11.2013 редакциясы · I Бөлүм
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 16 ноября 2013 года № 202.
Коркунучтуу өндүрүш объекттерине ушул Мыйзамга ылайык:
1) тоо-кен жумуштары, пайдалуу кендерди байытуу иштери, ошондой эле жер астындагы башка жумуштар жүргүзүлгөн;
2) кара жана түстүү металлдардын тоо тектеринин эритиндилери жана ушул эритиндилердин негизинде алынган эритмелер;
3) басымы 0.07 МПадан жогору же суунун ысуу температурасы 115 град. Цельсия жана андан жогору болгон шартта иштөөчү жабдуулар колдонулган;
4) орнотулган жана көчүп жүрүүчү жүк көтөрүүчү механизмдер, эскалаторлор, асма жолдор, фуникулерлер пайдаланылган;
5) от алуучу, кычкылдануучу, күйүүчү, жарылуучу, ууландыруучу жана радиоактивдүү заттар алынуучу, пайда болуучу, кайра иштетилүүчү, пайдаланылуучу, сакталуучу, ташылуучу, жок кылынуучу, сатылуучу; коркунучтуу өндүрүш объекттерине кирүүчү жогоруда көрсөтүлгөн зыяндуу жана коркунучтуу заттарды пайдалануучу өндүрүш объекттерине киргизүү тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет;
6) айлана-чөйрөгө жана адамдардын жашоо тиричилигине коркунуч келтирүүчү заттардан турган, тоо-кен-металлургия өндүрүштөрүнүн калдыктарын көмүү жүргүзүлгөн объекттер кирет.
Берененин тексти 16.11.2013 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
3-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (2)
- Приказ Министерства экологии и чрезвычайных ситуаций КР от 11 июня 2003 года № с 242 "Об утверждении "Положения о порядке выдачи разрешений на эксплуатацию опасных…Приказ · 11.06.2003 · № с 242 · Күчүн жоготкон
- Положение о разработке и оформлении декларации промышленной безопасности опасных производственных объектов и перечне сведений, содержащихся в ней (Утверждено приказом…Положение · 14.02.2003 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/932/st-3" title="3-статья - Коркунучтуу өндүрүш объекттеринин өнөр жай коопсуздугу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>