# 22-статья. Өнөр жай коопсуздугу жаатындагы мамлекеттик көзөмөл

- Документ: [Коркунучтуу өндүрүш объекттеринин өнөр жай коопсуздугу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/932)
- Документтеги орду: II Бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2001-жылдын 19-ноябрындагы № 93 "Коркунучтуу өндүрүш объекттеринин өнөр жай коопсуздугу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 93
- Кабыл алынган күнү: 19.11.2001
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 16.11.2013
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 16 ноября 2013 года № 202 "Технический регламент "О промышленной безопасности"](https://aqlex.ai/kg/doc/205069)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 30 апреля 2009 года № 145 "О внесении изменения в Закон Кыргызской Республики "О промышленной безопасности опасных производственных объектов"](https://aqlex.ai/kg/doc/203145)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/932#diff=477546..477547>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/932/st-22>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-887/edition/477546/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/932/st-22.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.11.2013 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Коркунучтуу өндүрүш объекттеринин өнөр жай коопсуздугу жөнүндө, 22-статья (16.11.2013 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/932/st-22

---

Өнөр жай коопсуздугу жаатындагы мамлекеттик көзөмөл Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизинде коркунучтуу өндүрүш объекттерин пайдаланган уюмдардын өнөр жай коопсуздугунун талаптарын кандай аткаргандыгын текшерүү максатында уюштурулат жана ишке ашырылат. Өнөр жай коопсуздугу жаатындагы мамлекеттик көзөмөл көзөмөлдөнүүчү уюмдарга көз карандысыз жана өз алдынчалуулуктун негизинде ишке ашырылат. Өнөр жай коопсуздугу жаатындагы мамлекеттик көзөмөлдү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген өзүнүн ыйгарым укуктарына ылайык өнөр жай коопсуздугу жаатындагы атайын ыйгарым укуктуу аткаруучу мамлекеттик бийликтин органы жүзөгө ашырат. Коркунучтуу өндүрүш объекттерин текшерүүгө укуктуу өнөр жай коопсуздугу жаатындагы атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик аткаруу бийлик органынын кызмат адамдары - өнөр жай коопсуздугу боюнча мамлекеттик инспектор болуп саналат. Өнөр жай коопсуздугу жаатындагы атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик аткаруу бийлигинин органынын жетекчиси - өнөр жай коопсуздугу боюнча башкы мамлекеттик икспектор болуп саналат. Өнөр жай коопсуздугу боюнча башкы мамлекеттик инспектордун жана мамлекеттик инспекторлордун ыйгарым укуктары Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет. (КР 2009-жылдын 30-апрелиндеги № 145 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [21-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/932/st-21)  
Кийинки берене: [23-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/932/st-23)
