# 21-статья. Коркунучтуу өндүрүш объектин пайдаланууда келтирилген зыян үчүн жоопкерчиликтин милдеттүү түрдө камсыздандырылышы

- Документ: [Коркунучтуу өндүрүш объекттеринин өнөр жай коопсуздугу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/932)
- Документтеги орду: II Бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2001-жылдын 19-ноябрындагы № 93 "Коркунучтуу өндүрүш объекттеринин өнөр жай коопсуздугу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 93
- Кабыл алынган күнү: 19.11.2001
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 16.11.2013
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 16 ноября 2013 года № 202 "Технический регламент "О промышленной безопасности"](https://aqlex.ai/kg/doc/205069)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/932/st-21>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-887/edition/477546/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/932/st-21.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.11.2013 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Коркунучтуу өндүрүш объекттеринин өнөр жай коопсуздугу жөнүндө, 21-статья (16.11.2013 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/932/st-21

---

Коркунучтуу өндүрүш объектин пайдаланган уюм авария же кырсык болгон учурда башка адамдардын өмүрүнө, ден соолугуна, мүлкүнө, жаратылыш чөйрөсүнө, материалдык байлыктарга зыян келтирилгенде жана коркунучтуу өндүрүш объектинде иштеген кызматчылардын кырсыкка дуушар болгон учурларындагы зыян үчүн жоопкерчиликти камсыздандырууга милдеттүү. Коркунучтуу өндүрүш объектин пайдаланган уюмдун авариядан же кырсыктан улам калкка, айлана-чөйрөгө жана материалдык байлыктарга келтирилиши мүмкүн болгон залал үчүн жоопкерчиликти милдеттүү түрдө камсыздашынын тартиби жана жол-жобосу өнөр жай коопсуздугу жаатында атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашылып, камсыздандыруу уюму тарабынан аныкталат. Авария болгон учурлардан коркунучтуу өндүрүш объекттеринде иштеген кызматкерлерди камсыздандыруунун тартиби Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык белгиленет. Коркунучтуу өндүрүш объекттериндеги кырсыктардын натыйжасында калкка, айлана-чөйрөгө жана материалдык байлыктарга келтирилиши мүмкүн болгон залал үчүн жоопкерчиликти камсыздандыруу учурундагы камсыздандыруу суммасынын өлчөмү тобокелдин даражасына жана коркунучтуу өндүрүш объекттериндеги өндүрүштүк иштин көлөмүнө жараша коркунучтуу өндүрүш объекттерин пайдаланган уюм менен бирдикте камсыздандыруу уюмдары тарабынан аныкталат. Камсыздандыруу салымдарынын төлөнүшү уюмдарды авариянын натыйжасында келтирилген залал үчүн юридикалык жана жеке жактардын алдындагы жарандык-укуктук жоопкерчилигинен бошотпойт.

---

Мурунку берене: [20-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/932/st-20)  
Кийинки берене: [22-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/932/st-22)
