# 19-статья. Өнөр жай коопсуздугун экспертизалоо

- Документ: [Коркунучтуу өндүрүш объекттеринин өнөр жай коопсуздугу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/932)
- Документтеги орду: II Бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2001-жылдын 19-ноябрындагы № 93 "Коркунучтуу өндүрүш объекттеринин өнөр жай коопсуздугу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 93
- Кабыл алынган күнү: 19.11.2001
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 16.11.2013
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 16 ноября 2013 года № 202 "Технический регламент "О промышленной безопасности"](https://aqlex.ai/kg/doc/205069)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 11 октября 2012 года № 171 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203771)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/932#diff=477547..477548>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/932/st-19>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-887/edition/477546/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/932/st-19.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.11.2013 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Коркунучтуу өндүрүш объекттеринин өнөр жай коопсуздугу жөнүндө, 19-статья (16.11.2013 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/932/st-19

---

Өнөр жай коопсуздугун экспертизалоодон: коркунучтуу өндүрүш объектин курууга, кеңейтүүгө, реконструкциялоого, техникалык жактан кайра жабдууга, консервациялоого жана жоюуга карата даярдалган долбоордук документтер; коркунучтуу өндүрүш объекттеринде колдонулуучу техникалык түзүлүштөр; коркунучтуу өндүрүш объектиндеги имараттар жана курулуштар; өнөр жай коопсуздугунун декларациясы жана коркунучтуу өндүрүш объектин пайдаланууга байланышкандан да бөлөк документтер өтүүгө тийиш. Өнөр жай коопсуздугунун экспертизасын бул экспертизаны жүргүзүүгө атайын уруксаты бар уюм жүргүзөт, экспертиза коркунучтуу өндүрүш объектти пайдаланууга ниеттенген же аны пайдаланган уюмдун эсебинен жүргүзүлөт. Өнөр жай коопсуздугунун экспертизасын ишке ашыруу тартиби жана өнөр жай коопсуздугунун экспертизасынын тыянагын даярдоого карата талаптар, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет. Өнөр жай коопсуздугунун экспертизасы белгиленген тартипте бир эле учурда башка экспертизаларды жүргүзүү менен ишке ашырылышы мүмкүн. (КР 2012-жылдын 11-октябрындагы № 171 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [18-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/932/st-18)  
Кийинки берене: [20-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/932/st-20)
