# 18-статья. Авариянын себептерин техникалык жактан тергөө

- Документ: [Коркунучтуу өндүрүш объекттеринин өнөр жай коопсуздугу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/932)
- Документтеги орду: II Бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2001-жылдын 19-ноябрындагы № 93 "Коркунучтуу өндүрүш объекттеринин өнөр жай коопсуздугу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 93
- Кабыл алынган күнү: 19.11.2001
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 16.11.2013
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 16 ноября 2013 года № 202 "Технический регламент "О промышленной безопасности"](https://aqlex.ai/kg/doc/205069)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/932/st-18>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-887/edition/477546/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/932/st-18.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.11.2013 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Коркунучтуу өндүрүш объекттеринин өнөр жай коопсуздугу жөнүндө, 18-статья (16.11.2013 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/932/st-18

---

Коркунучтуу өндүрүш объектиндеги авариянын келип чыгышынын ар бир фактысы боюнча анын себептерине техникалык жактан тергөө жүргүзүлөт. Авариянын себептерин техникалык жактан тергөө өнөр жай коопсуздугу жаатында атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик аткаруу бийлигинин органы түзгөн атайын комиссия тарабынан жүргүзүлөт. Авариянын категориясына жараша көрсөтүлгөн комиссиянын курамына төмөнкүлөр киргизилиши мүмкүн:

- Кыргыз Республикасынын тийиштүү министрликтеринин, мамлекеттик комитеттеринин жана администрациялык ведомстволорунун жана аймагында коркунучтуу өндүрүш объекти жайгашкан жергиликтүү мамлекеттик администрациянын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү;

- Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык жактан коргоо министрлигинин алдындагы мамлекеттик эмгек инспекциясынын өкүлдөрү;

- Кыргызстан кесиптик бирликтеринин өкүлдөрү;

- ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өкмөттүк эмес жана башка уюмдардын өкүлдөрү;

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйыны же Эл өкүлдөр жыйыны, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү авариянын себептерин техникалык жактан тергөөчү мамлекеттик комиссия түзүүгө чечим чыгарышат жана көрсөтүлгөн комиссиянын төрагасын беките алышат. Авариянын себептерин техникалык жактан тергөө боюнча комиссия өнөр жай коопсуздугу жаатында тергөө, изилдөө, долбоорлоо, илимий-изилдөө жана тажрыйба-конструктордук жумуштар, камсыздандыруу, жабдууларды жасап чыгаруу жагынан жана башка тармактардан эксперттик уюмдарды жана адистерди тарта алат. Коркунучтуу өндүрүш объекттерин пайдаланган уюм жана анын кызматчылары авариянын себептерин техникалык жактан тергөө боюнча комиссияга өзүнүн укуктарын ишке ашырууга зарыл болгон бардык маалыматты берүүгө милдеттүү. Авариянын себептерин техникалык жактан тергөө жүргүзүүнүн тартибин жана авариянын себептерин техникалык жактан тергөөдө актыларды толтуруунун жолдорун өнөр жай коопсуздугу жаатында атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик аткаруу бийлигинин органы бекитет. Авариянын себептерин техникалык жактан тергөөгө кеткен чыгымдарды каржылоону авария болгон коркунучтуу өндүрүш объектин пайдаланган уюм жүргүзөт.

---

Мурунку берене: [17-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/932/st-17)  
Кийинки берене: [19-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/932/st-19)
