# 17-статья. Өнөр жай коопсуздугунун талаптарынын сакталышына өндүрүштүк контроль

- Документ: [Коркунучтуу өндүрүш объекттеринин өнөр жай коопсуздугу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/932)
- Документтеги орду: II Бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2001-жылдын 19-ноябрындагы № 93 "Коркунучтуу өндүрүш объекттеринин өнөр жай коопсуздугу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 93
- Кабыл алынган күнү: 19.11.2001
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 16.11.2013
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 16 ноября 2013 года № 202 "Технический регламент "О промышленной безопасности"](https://aqlex.ai/kg/doc/205069)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/932/st-17>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-887/edition/477546/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/932/st-17.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.11.2013 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Коркунучтуу өндүрүш объекттеринин өнөр жай коопсуздугу жөнүндө, 17-статья (16.11.2013 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/932/st-17

---

Коркунучтуу өндүрүш объектин пайдаланган уюм өнөр жай коопсуздугунун талаптарынын сакталышына өндүрүштүк контролду өнөр жай коопсуздугу жаатында атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик аткаруу бийлигинин органы бекиткен талаптарга ылайык уюштурууга жана ишке ашырууга милдеттүү. Өнөр жай коопсуздугунун талаптарынын сакталышына өндүрүштүк контролду уюштуруу жана аларды ишке ашырууга укуктуу кызматчылар жөнүндө маалымат өнөр жай коопсуздугу жаатында атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик аткаруу бийлигинин органына берилет.

---

Мурунку берене: [16-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/932/st-16)  
Кийинки берене: [18-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/932/st-18)
