# 16-статья. Коркунучтуу өндүрүш объектиндеги аварияны жайылтпоо жана кесепеттерин жоюуга даяр туруу боюнча уюмдарга коюлган өнөр жай коопсуздугунун талаптары

- Документ: [Коркунучтуу өндүрүш объекттеринин өнөр жай коопсуздугу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/932)
- Документтеги орду: II Бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2001-жылдын 19-ноябрындагы № 93 "Коркунучтуу өндүрүш объекттеринин өнөр жай коопсуздугу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 93
- Кабыл алынган күнү: 19.11.2001
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 16.11.2013
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 16 ноября 2013 года № 202 "Технический регламент "О промышленной безопасности"](https://aqlex.ai/kg/doc/205069)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/932/st-16>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-887/edition/477546/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/932/st-16.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.11.2013 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Коркунучтуу өндүрүш объекттеринин өнөр жай коопсуздугу жөнүндө, 16-статья (16.11.2013 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/932/st-16

---

1. Коркунучтуу өндүрүш объектиндеги аварияны жайылтпоо жана кесепеттерин жоюу боюнча иш-чараларын пландаштыруу жана ишке ашыруу.

2. Авариялык-сактоочу кесипкөй кызматтар же кесипкөй авариялык-сактоочу түзүлүштөр менен тейлөөгө карата келишимдерди түзүү, ал эми Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда өзүнүн авариялык-сактоочу кесипкөй кызматтарын жана авариялык-сактоочу кесипкөй түзүлүштөрүн, ошондой эле кызматкерлердин өзүнөн штаттан тышкары авариялык-сактоочу түзүлүштөрүн түзүү.

3. Аварияны жайылтпоо жана кесепеттерин жоюу үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык резервде финансы каражаттарынын жана материалдык ресурстардын болушу.

4. Коркунучтуу өндүрүш объекттеринде авариялар же бузулуулар болгондо кызматкерлерди иш-аракет жасоого үйрөтүү.

5. Авария болгон учурда байкоо, билдирүү, байланыш жана иш-аракеттерди колдоо тутумдарын түзүү жана аталган тутумдарды пайдаланууга жарактуу абалда кармоо.

---

Мурунку берене: [15-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/932/st-15)  
Кийинки берене: [17-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/932/st-17)
