# 12-статья. Коркунучтуу өндүрүш объектин долбоорлоого, курууга жана пайдаланууга кабыл алууга коюлган өнөр жай коопсуздугунун талаптары

- Документ: [Коркунучтуу өндүрүш объекттеринин өнөр жай коопсуздугу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/932)
- Документтеги орду: II Бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2001-жылдын 19-ноябрындагы № 93 "Коркунучтуу өндүрүш объекттеринин өнөр жай коопсуздугу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 93
- Кабыл алынган күнү: 19.11.2001
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 16.11.2013
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 16 ноября 2013 года № 202 "Технический регламент "О промышленной безопасности"](https://aqlex.ai/kg/doc/205069)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/932/st-12>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-887/edition/477546/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/932/st-12.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.11.2013 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Коркунучтуу өндүрүш объекттеринин өнөр жай коопсуздугу жөнүндө, 12-статья (16.11.2013 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/932/st-12

---

Коркунучтуу өндүрүш объектин курууну, кеңейтүүнү, реконструкциялоону, техникалык жактан кайра жабдууну, консервациялоону жана жоюуну баштоо жөнүндө чечим кабыл алуунун милдеттүү шарттарынын бири болуп өнөр жай коопсуздугу жаатында атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик аткаруу бийлигинин органы тарабынан бекитилген долбоордук документтердин өнөр жай коопсуздугу боюнча экспертизасынын чыгарган оң жыйынтыгы эсептелет. Коркунучтуу өндүрүш объектин куруу, кеңейтүү, реконструкциялоо, техникалык жактан кайра жабдуу, консервациялоо жана жоюу учурунда долбоордук документтерден четтөөгө жол берилбейт. Коркунучтуу өндүрүш объектин куруунун, кеңейтүүнүн, реконструкциялоонун, техникалык жактан кайра жабдуунун, консервациялоонун жана жоюунун долбооруна киргизилүүчү өзгөртүүлөр өнөр жай коопсуздугунун экспертизасынан өтүүгө тийиш жана өнөр жай коопсуздугу жаатында атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик аткаруу бийлигинин органы менен макулдашылат. Коркунучтуу өндүрүш объектин куруу, кеңейтүү, реконструкциялоо, техникалык жактан кайра жабдуу, консервациялоо жана жоюу учурунда долбоорду иштеп чыккан уюмдар белгиленген тартипте автордук көзөмөлдү ишке ашырат. Коркунучтуу өндүрүш объектин пайдаланууга кабыл алуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте жүргүзүлөт. Коркунучтуу өндүрүш объектин пайдаланууга кабыл алууда, коркунучтуу өндүрүш объекттеринин долбоордук документтерине дал келиши жана уюмдардын коркунучтуу өндүрүш объекттерин пайдаланууга жана кыйроолорду жайылтпоого, анын кесепеттерин жоюуга болгон даярдыгы милдеттүү түрдө текшерилет.

---

Мурунку берене: [11-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/932/st-11)  
Кийинки берене: [13-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/932/st-13)
