# 11-статья. Өнөр жай коопсуздугунун талаптары

- Документ: [Коркунучтуу өндүрүш объекттеринин өнөр жай коопсуздугу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/932)
- Документтеги орду: II Бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2001-жылдын 19-ноябрындагы № 93 "Коркунучтуу өндүрүш объекттеринин өнөр жай коопсуздугу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 93
- Кабыл алынган күнү: 19.11.2001
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 16.11.2013
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 16 ноября 2013 года № 202 "Технический регламент "О промышленной безопасности"](https://aqlex.ai/kg/doc/205069)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/932/st-11>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-887/edition/477546/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/932/st-11.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.11.2013 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Коркунучтуу өндүрүш объекттеринин өнөр жай коопсуздугу жөнүндө, 11-статья (16.11.2013 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/932/st-11

---

Өнөр жай коопсуздугунун талаптары калкты жана аймакты өзгөчө кырдаалдардан коргоо жаатындагы ченемдердин, калктын санитардык-эпидемиялык бейпилдигин, жаратылыш айлана-чөйрөсүн коргоонун, экологиялык коопсуздуктун, өрт коопсуздугунун, эмгекти коргоонун, курулуштун, ошондой эле мамлекеттик стандарттардын талаптарына ылайык келүүгө тийиш. Өнөр жай коопсуздугунун талаптары - ушул Мыйзамда, башка мыйзамдарда жана Кыргыз Республикасынын дагы башка укуктук ченемдик актыларында, ошондой эле техникалык ченемдик документтерде көрсөтүлгөн жана өнөр жай коопсуздугун камсыз кылуу боюнча кабыл алынган шарттар, эрежелер, тыюу салуулар, чектөөлөр жана милдеттүү түрдө аткарылуучу дагы башка талаптар.

---

Мурунку берене: [10-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/932/st-10)  
Кийинки берене: [12-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/932/st-12)
