Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
1-статья. Жалпы түшүнүктөр
Күчүн жоготкон · 16.11.2013 редакциясы · I Бөлүм
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 16 ноября 2013 года № 202.
Ушул Мыйзамда төмөнкүдөй түшүнүктөр колдонулат: коркунучтуу өндүрүш объекттеринин өнөр жай коопсуздугу (мындан ары - өнөр жай коопсуздугу) - коомдун жана жеке адамдын коркунучтуу өндүрүш объекттериндеги кырсыктардан жана мындай кырсыктардын кесепеттеринен коргоого алынышынын абалы; өнөр жай коопсуздугунун декларациясы - коркунучтуу өндүрүш объекттеринин, уюмдарынын өнөр жай коопсуздугунун абалын бардык жактан мүнөздөгөн маалыматтарды камтыган расмий документ; авария - коркунучтуу объекттерде колдонулуучу өндүрүш имараттарынын, техникалык курулуштардын, коммуникациялардын, жабдуунун, транспорттун жана башка техникалык каражаттардын кыйрашы же бузулушу, көзөмөлгө алынбаган жарылуу, өрт же коркунучтуу заттардын чачырап кетиши; бузулуу - коркунучтуу өндүрүш объекттеринде колдонулуучу техникалык каражаттардын иштебей калышы же бузулушу, технологиялык процесстин режиминен четтеп кетиши, ушул Мыйзамдын жоболорунун, мамлекеттик ченемдик укуктук башка актыларынын, ошондой зле коркунучтуу өндүрүш объекттеринде иш жүргүзүү эрежелерин белгилөөчү ченемдик техникалык документтердин талаптарынын бузулушу; от алуучу заттар - кадимкидей басымда жана аба менен аралашып кошулган от алып кетүүчү жана кайноо температурасы кадимкидей басымда 20 град. Цельсия же андан төмөн болгон газдар, суюктуктар; кычкылдандыруучу заттар - күйүүгө көмөктөшүүчү, оттун тутанышына алып келүүчү же кычкылдануу-калыбына келтирүүчү экзотермиялык реакциянын натыйжасында башка заттардын от алуусуна шарт түзүүчү заттар; күйүүчү заттар - өз алдынча күйүп кетүүчү, ошондой эле от чыккан жерден тутануучу жана отту өчүргөндөн кийин да өз алдынча күйө берүүчү суюктуктар, газдар, чаңдар: жарылуучу заттар - тыштан таасир кылуунун айрым түрлөрүндө жылуулук жана газ чыгаруу менен өз алдынча тез жайылып кетүүчү химиялык айланууларга жөндөмдүү болгон заттар; ууландыруучу заттар - тирүү организмдерге таасир этүүдө ооруга чалдыктыруучу же өлүмгө дуушар кылуучу заттар; катуу ууландыруучу заттар - тирүү организмдерге таасир этүүдө өлүмгө алып келүүчү заттар; айланадагы табигый чөйрөгө коркунучтуу заттар - белгилүү өлчөмдө, белгилүү шартта сууга түшкөндө тирүү организмдерди ооруга чалдыктыруучу жана өлүмгө дуушар кылуучу заттар; радиоактивдүү булгануу - техногендик жагдайдан улам пайда болгон радиоактивдүү заттардын айлана-чөйрөдө (жердин, суунун беттеринде, конструкцияларда, жабдууларда, абада же башка жерлерде), нурланууга алып келиши мүмкүн болгон - жеке өлчөмдө 10 мкрЗВ/жылдан жогору болушу.
Берененин тексти 16.11.2013 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (1)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/932/st-1" title="1-статья - Коркунучтуу өндүрүш объекттеринин өнөр жай коопсуздугу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>