# КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 3-декабрындагы № 810 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 3-декабрындагы № 810 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 810
- Кабыл алынган күнү: 03.12.2012
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 16.05.2018
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/93199>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-15214/edition/1144231/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/93199.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.05.2018 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 3-декабрындагы № 810 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому (16.05.2018 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/93199

---

(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2012-жылдын 3-декабры № 810 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө (КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 16-майындагы № 236 токтомунун редакциясына ылайык) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-февралындагы № 85 "Аткаруу бийлигинин органдары, алардын түзүмдүк бөлүмчөлөрү жана ведомстволук мекемелери көрсөтүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрин (тизмесин) бекитүү жөнүндө" токтомуна ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. (КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 16-майындагы № 236 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

2. (КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 16-майындагы № 236 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

3. Кыргыз Республикасынын 2012-жылдын 20-февралындагы № 122 "Кыргыз Республикасынын Жаштар, эмгек жана иш менен камсыз кылуу министрлигинин маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:

- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Жаштар, эмгек жана иш менен камсыз кылуу министрлиги жөнүндө жободо:

7-пункттун 4-пунктчасы төмөнкү мазмундагы сегизинчи-он биринчи абзацтар менен толукталсын: "- мамлекеттик программалардын, өкмөттөр аралык жана башка расмий макулдашуулардын алкагында иш издеген Кыргыз Республикасынын жарандарын чет өлкөлөрдө ишке орноштурууга көмөктөшөт;

- чет мамлекетте эмгектенип жүрүп каза болгон Кыргыз Республикасынын жарандарынын сөөгүн мекенине алып келүүгө байланышкан чыгымдарды төлөп берүү боюнча кызмат көрсөтөт;

- качкын макамын берүү жөнүндө өтүнүчтөрдү каттоо тууралуу күбөлүк берүүнү ишке ашырат;

- качкындарга күбөлүк берүүнү ишке ашырат;".

4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 25-майындагы № 317 "Кыргыз Республикасынын Жаштар, эмгек жана иш менен камсыз кылуу министрлигинин алдындагы Кыргыз Республикасынын жарандарын ишке орноштуруу борбору жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Жаштар, эмгек жана иш менен камсыз кылуу министрлигинин алдындагы Кыргыз Республикасынын жарандарын ишке орноштуруу борбору жөнүндө жободо:

9-пункттун 2-пунктчасы төмөнкү мазмундагы бешинчи жана алтынчы абзацтар менен толукталсын: "- мамлекеттик программалардын, өкмөттөр аралык жана башка расмий макулдашуулардын алкагында иш издеген Кыргыз Республикасынын жарандарын чет өлкөлөрдө ишке орноштурууга көмөктөшөт;

- чет мамлекетте эмгектенип жүрүп каза болгон Кыргыз Республикасынын жарандарынын сөөгүн мекенине алып келүүгө байланышкан чыгымдарды төлөп берет;".

5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри

Ж. Сатыбалдиев
