Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 14 января 2022 года № 9 "О признании утратившими силу некоторых решений Кабинета Министров Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2018-05-16.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2012-жылдын 3-декабры № 810 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө (КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 16-майындагы № 236 токтомунун редакциясына ылайык) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-февралындагы № 85 "Аткаруу бийлигинин органдары, алардын түзүмдүк бөлүмчөлөрү жана ведомстволук мекемелери көрсөтүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрин (тизмесин) бекитүү жөнүндө" токтомуна ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. (КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 16-майындагы № 236 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
2. (КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 16-майындагы № 236 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3. Кыргыз Республикасынын 2012-жылдын 20-февралындагы № 122 "Кыргыз Республикасынын Жаштар, эмгек жана иш менен камсыз кылуу министрлигинин маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Жаштар, эмгек жана иш менен камсыз кылуу министрлиги жөнүндө жободо:
7-пункттун 4-пунктчасы төмөнкү мазмундагы сегизинчи-он биринчи абзацтар менен толукталсын: "- мамлекеттик программалардын, өкмөттөр аралык жана башка расмий макулдашуулардын алкагында иш издеген Кыргыз Республикасынын жарандарын чет өлкөлөрдө ишке орноштурууга көмөктөшөт;
- чет мамлекетте эмгектенип жүрүп каза болгон Кыргыз Республикасынын жарандарынын сөөгүн мекенине алып келүүгө байланышкан чыгымдарды төлөп берүү боюнча кызмат көрсөтөт;
- качкын макамын берүү жөнүндө өтүнүчтөрдү каттоо тууралуу күбөлүк берүүнү ишке ашырат;
- качкындарга күбөлүк берүүнү ишке ашырат;".
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 25-майындагы № 317 "Кыргыз Республикасынын Жаштар, эмгек жана иш менен камсыз кылуу министрлигинин алдындагы Кыргыз Республикасынын жарандарын ишке орноштуруу борбору жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Жаштар, эмгек жана иш менен камсыз кылуу министрлигинин алдындагы Кыргыз Республикасынын жарандарын ишке орноштуруу борбору жөнүндө жободо:
9-пункттун 2-пунктчасы төмөнкү мазмундагы бешинчи жана алтынчы абзацтар менен толукталсын: "- мамлекеттик программалардын, өкмөттөр аралык жана башка расмий макулдашуулардын алкагында иш издеген Кыргыз Республикасынын жарандарын чет өлкөлөрдө ишке орноштурууга көмөктөшөт;
- чет мамлекетте эмгектенип жүрүп каза болгон Кыргыз Республикасынын жарандарынын сөөгүн мекенине алып келүүгө байланышкан чыгымдарды төлөп берет;".
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри
Ж. Сатыбалдиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 5 · цитата келтиргендер: 7 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (7)
- Кыргыз Республикасынын Жаштар, эмгек жана иш менен камсыз кылуу министрлиги жөнүндө ЖОБО (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 122 токтому менен…Положение · 20.02.2012 · № 122
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 16-майындагы № 236 "Кыргыз Республикасынын чет өлкөдө кайтыш болгон жарандарынын сөөгүн Кыргыз Республикасына жеткирүү менен…Постановление · 16.05.2018 · № 236
- КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтомуПостановление · 14.01.2022 · № 9
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 27-яыевралындагы №40 "Кыргыз Республикасынын чет өлкөдө иштеп жүргөн мезгилинде кайтыш болгон жарандарынын сөөгүн мекенине жеткирүү менен байланышкан…Постановление · 11.02.2011 · № 40 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 25-майындагы № 317 "Кыргыз Республикасынын Жаштар, эмгек жана иш менен камсыз кылуу министрлигинин алдындагы Кыргыз Республикасынын…Постановление · 25.05.2012 · № 317 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 30-июнундагы № 255 "Кыргыз Республикасынын чет өлкөдө иштеп жүргөн мезгилинде кайтыш болгон жарандарынын сөөгүн мекенине жеткирүү…Постановление · 30.06.2007 · № 255 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 16-майындагы № 236 токтомуПостановление · 16.05.2018 · № 236
Шилтеме берет (5)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 16-майындагы № 236 "Кыргыз Республикасынын чет өлкөдө кайтыш болгон жарандарынын сөөгүн Кыргыз Республикасына жеткирүү менен…Постановление · 16.05.2018 · № 236
- КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтомуПостановление · 14.01.2022 · № 9
- Кыргыз Республикасынын Ɵкмɵтүнүн 2012-жылдын 10-февралындагы № 85 "Аткаруу бийлигинин органдары, алардын түзүмдүк бөлүмчөлөрү жана ведомстволук мекемелери көрсөтүүчү мамлекеттик…Постановление · 10.02.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
- КР Ɵкмɵтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 122 "Кыргыз Республикасынын Жаштар, эмгек жана иш менен камсыз кылуу министрлигинин маселелери жөнүндө" токтомуПостановление · 20.02.2012 · № 122 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 25-майындагы № 317 "Кыргыз Республикасынын Жаштар, эмгек жана иш менен камсыз кылуу министрлигинин алдындагы Кыргыз Республикасынын…Постановление · 25.05.2012 · № 317 · Күчүн жоготкон