# КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 3-декабрындагы № 807 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 21-августундагы № 537 "Кыргыз Республикасында баалоочулардын жана баалоо уюмдарынын ишмердигин өнүктүрүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 3-декабрындагы № 807 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 21-августундагы № 537 "Кыргыз Республикасында баалоочулардын жана баалоо уюмдарынын ишмердигин өнүктүрүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 807
- Кабыл алынган күнү: 03.12.2012
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 03.12.2012
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/93196>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-15211/edition/471771/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/93196.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.12.2012 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 3-декабрындагы № 807 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 21-августундагы № 537 "Кыргыз Республикасында баалоочулардын жана баалоо уюмдарынын ишмердигин өнүктүрүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому (03.12.2012 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/93196

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2012-жылдын 3-декабры № 807 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 21-августундагы № 537 "Кыргыз Республикасында баалоочулардын жана баалоо уюмдарынын ишмердигин өнүктүрүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасында баалоо ишин өнүктүрүү боюнча ченемдик-методологиялык базаны өркүндөтүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 21-августундагы № 537 "Кыргыз Республикасында баалоочулардын жана баалоо уюмдарынын ишмердигин өнүктүрүү жөнүндө" токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:

- 1-пункттагы "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик комитети" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- 2-пункттун үчүнчү абзацындагы "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик комитетине" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- 3-пункт күчүн жоготту деп табылсын;

- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасында баалоочулардын жана баалоо уюмдарынын ишмердигинин убактылуу эрежелеринде:

3-пункттун экинчи абзацы күчүн жоготту деп табылсын;

- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик комитетине караштуу Баалоо ишмердигин өнүктүрүү боюнча кеңеш жөнүндө жободо:

аталышындагы жана бүткүл текст боюнча ар кандай жөндөмөдөгү "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик комитети", "Маммүлкком" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдө "Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги" деген сөздөр менен алмаштырылсын; 2-пунктта "(мындан ары - Маммүлкком)" деген сөздөр алып салынсын; 4-пункттун үчүнчү жана бешинчи абзацтары, 5-пункттун экинчи абзацы күчүн жоготту деп табылсын; 6-пункттагы "Маммүлккомдун төрагасы" деген сөздөр "экономика министринин орун басары" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Премьер-министр

Ж.Сатыбалдиев
