# КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 30-ноябрындагы № 806 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 15-мартындагы № 177 "2012-жылга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Мыйзам долбоорлоо иштеринин планын бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 30-ноябрындагы № 806 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 15-мартындагы № 177 "2012-жылга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Мыйзам долбоорлоо иштеринин планын бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 806
- Кабыл алынган күнү: 30.11.2012
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 24.01.2013
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/93195>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-15210/edition/490083/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/93195.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.01.2013 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 30-ноябрындагы № 806 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 15-мартындагы № 177 "2012-жылга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Мыйзам долбоорлоо иштеринин планын бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому (24.01.2013 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/93195

---

КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 24-январындагы № 36 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2012-жылдын 30-ноябры № 806 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 15-мартындагы № 177 "2012-жылга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Мыйзам долбоорлоо иштеринин планын бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 90-беренесине жана "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 18-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 15-мартындагы № 177 "2012-жылга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Мыйзам долбоорлоо иштеринин планын бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген 2012-жылга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мыйзам долбоорлоо иштеринин планында:

- бүткүл текст боюнча "Экономмин" деген кыскартылган сөз "КР Экономмин" деген кыскартылган сөз менен алмаштырылсын;

- 45-пункттун экинчи абзацы күчүн жоготту деп табылсын;

- 83-пункт күчүн жоготту деп табылсын.

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Премьер-министри

Ж. Сатыбалдиев
