# КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 29-ноябрындагы № 801 "Аукциондо сатуу ыкмасы менен мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 29-ноябрындагы № 801 "Аукциондо сатуу ыкмасы менен мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 801
- Кабыл алынган күнү: 29.11.2012
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.11.2012
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/93191>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-15206/edition/469966/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/93191.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.11.2012 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 29-ноябрындагы № 801 "Аукциондо сатуу ыкмасы менен мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому (29.11.2012 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/93191

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2012-жылдын 29-ноябры № 801 Аукциондо сатуу ыкмасы менен мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү жөнүндө жобону бекитүү тууралуу Менчиктештирүү процессин андан ары өркүндөтүү жана Кыргыз Республикасында мамлекеттик мүлктү натыйжалуу пайдалануу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Аукциондо сатуу ыкмасы менен мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп эсептелсин:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 13-августундагы № 370 "Аукциондо сатуу жана кийинки сатып алуу ыкмалары менен мамлекеттик мүлктү менчиктештирүүнү жөнгө салуучу жоболорду бекитүү жөнүндө" токтомунун 1-пунктунун экинчи абзацы жана бул токтому менен бекитилген Кийинки сатып алуу менен ижарага берүү ыкмасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү жөнүндө Жобо;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 8-октябрындагы № 569 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мамлекеттик менчикти менчиктештирүү маселесин жөнгө салуучу айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтомунун 5-пунктунун экинчи-жыйырманчы абзацтары;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 9-мартындагы № 139 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтомунун 8-пункту;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 27-августундагы № 178 "Аукциондо сатуу жана кийинки сатып алуу ыкмалары менен мамлекеттик мүлктү менчиктештирүүнү жөнгө салуучу жоболорду бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 13-августундагы № 370 токтомуна өзгөртүүлөр киргизүү жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым токтомдорун күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 11-январындагы № 10 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 13-августундагы № 370 "Аукциондо сатуу жана кийинки сатып алуу ыкмалары менен мамлекеттик мүлктү менчиктештирүүнү жөнгө салуучу жоболорду бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому.

3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри

Ж. Сатыбалдиев
