# КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 26-ноябрындагы № 796 "Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 26-ноябрындагы № 796 "Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 796
- Кабыл алынган күнү: 26.11.2012
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 26.11.2012
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/93186>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-15201/edition/1159691/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/93186.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 26.11.2012 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 26-ноябрындагы № 796 "Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө" токтому (26.11.2012 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/93186

---

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2012-жылдын 26-ноябры № 796 "Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. "Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жактырылсын.

2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.

3. Кыргыз Республикасынын ички иштер министри аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.

Премьер-министр

Ж.Сатыбалдиев

Долбоор КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

"Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу

1-берене. "Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1994-ж., № 3, 76-б.) төмөнкүдөй өзгөртүү жана толуктоо киргизилсин:

1. 7-берененин 6-бөлүгүнүн биринчи сүйлөмү төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

"Ички иштер органдарынын кызматкерлерине иш таштоолорду уюштурууга жана аларды өткөрүүгө катышууга, тынч чогулуштарды өткөрүүнү уюштуруу боюнча иш-чараларды жүргүзүүдө анын катышуучусу катары тынч чогулуштарга катышууга, ишкердикти жүргүзүүгө тыюу салынат.".

2. 8-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 20-пункт менен толукталсын:

"20) тынч чогулуштардын катышуучуларына сый мамиле кылууга, жалпыга маалымдоо каражаттарынын тоскоолдуксуз иштөөсүн камсыз кылууга, ошондой эле тынч чогулуштар жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган милдеттерди аткарууга жана чектөөлөрдү сактоого.". 2-берене. Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти
