Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 25 марта 2022 года № 166 "О признании утратившими силу некоторых решений Кабинета Министров Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2012-11-26.
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2012-жылдын 26-ноябры № 796 "Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын ички иштер министри аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр
Ж.Сатыбалдиев
Долбоор КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
"Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу
1-берене. "Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1994-ж., № 3, 76-б.) төмөнкүдөй өзгөртүү жана толуктоо киргизилсин:
1. 7-берененин 6-бөлүгүнүн биринчи сүйлөмү төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"Ички иштер органдарынын кызматкерлерине иш таштоолорду уюштурууга жана аларды өткөрүүгө катышууга, тынч чогулуштарды өткөрүүнү уюштуруу боюнча иш-чараларды жүргүзүүдө анын катышуучусу катары тынч чогулуштарга катышууга, ишкердикти жүргүзүүгө тыюу салынат.".
2. 8-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 20-пункт менен толукталсын:
"20) тынч чогулуштардын катышуучуларына сый мамиле кылууга, жалпыга маалымдоо каражаттарынын тоскоолдуксуз иштөөсүн камсыз кылууга, ошондой эле тынч чогулуштар жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган милдеттерди аткарууга жана чектөөлөрдү сактоого.". 2-берене. Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (3)
- КР Жогорку Кенешинин 2013-жылдын 24-январындагы № 2720-V "Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү жана толуктоо киргизүү…Постановление · 24.01.2013 · № 2720-V
- КР Жогорку Кенешинин 2013-жылдын 7-мартындагы №2851-V "Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү жана толуктоо киргизүү…Постановление · 07.03.2013 · № 2851-V
- КР Жогорку Кенешинин 2013-жылдын 7-мартындагы №2850-V "Кыргыз Республикасынын Ички иштер органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү жана толуктоо киргизүү…Постановление · 07.03.2013 · № 2850-V
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары жөнүндөЗакон · 11.01.1994 · № 1360-XII
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө"…Постановление · 25.03.2022 · № 166
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон