КР Өкмөтүнүн «Бишкек шаарында 2012-жылдын 26-ноябрында кол коюлган Инвестициялык климатты жакшыртуу программасы - 2-чакан программа боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Гранттык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу» токтому
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2012-жылдын 26-ноябры № 794 "Бишкек шаарында 2012-жылдын 26-ноябрында кол коюлган Инвестициялык климатты жакшыртуу программасы - 2-чакан программа боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Гранттык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкү тиркелгендер бекитилсин:
- "Бишкек шаарында 2012-жылдын 26-ноябрында кол коюлган Инвестициялык климатты жакшыртуу программасы - 2-чакан программа боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Гранттык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору;
- Бишкек шаарында 2012-жылдын 26-ноябрында кол коюлган Инвестициялык климатты жакшыртуу программасы - 2-чакан программа боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Гранттык макулдашууга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 80-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык кечиктирилгис катары кезексиз тартипте кароо суралсын.
3. Кыргыз Республикасынын экономика министри аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр
Ж.Сатыбалдиев
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Бишкек шаарында 2012-жылдын 26-ноябрында кол
коюлган Инвестициялык климатты жакшыртуу программасы -
2-чакан программа боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы
Гранттык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө
1-берене.
Бишкек шаарында 2012-жылдын 26-ноябрында кол коюлган Инвестициялык климатты жакшыртуу программасы - 2-чакан программа боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Гранттык макулдашуу ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Азия өнүктүрүү банкына ушул Гранттык макулдашуу күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекет ичиндеги жол-жоболорду Кыргыз Республикасынын аткаргандыгы жөнүндө кабарласын.
3-берене.
Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (3)
- КР Жогорку Кеңешинин 2012-жылдын 29-ноябрындагы № 2542-V "Бишкек шаарында 2012-жылдын 26-ноябрында кол коюлган Инвестициялык климатты жакшыртуу программасы - 2-чакан программа…Постановление · 29.11.2012 · № 2542-V
- КР Жогорку Кеңешинин 2012-жылдын 29-ноябрындагы № 2543-V "Бишкек шаарында 2012-жылдын 26-ноябрында кол коюлган Инвестициялык климатты жакшыртуу программасы - 2-чакан программа…Постановление · 29.11.2012 · № 2543-V
- КР Жогорку Кенешинин 2012-жылдын 29-ноябрындагы № 2544-V "2012-жылдын 26-ноябрында Бишкек шаарында кол коюлган Инвестициялык климатты жакшыртуу программасы - 2-программачасы…Постановление · 29.11.2012 · № 2544-V
Шилтеме берет (3)
- 2012-жылдын 26-ноябрында Бишкек шаарында кол коюлган Инвестициялык климатты жакшыртуу программасы - 2-программачасы боюнча Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын…Закон · 30.11.2012 · № 190
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон
- О международных договорах Кыргызской РеспубликиЗакон · 21.07.1999 · № 89 · Күчүн жоготкон